Жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн «Директорий» тренингине топтоо ачылды

September 2, 2015, 06:00


Урматтуу жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун жетекчилери!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сизди жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн, ошондой эле келечекте өзүнүн балдар бакчасын ачууну каалагандар үчүн «Директорий» тренингине чакырат.

 

Курс төрт тренингден турат, алардын ар бири өзүнчө теманы камтыйт. Машыктыруучу – Мария Миркес, Красноярск, Россия. Мария – антропоника мектебинин жетекчиси, бүткүл Россия боюнча жетекчилер үчүн курстарды өткөрөт. Россиядагы «Директорий» курсунан өткөн балдар бакчалары өз региондорунда мыкты билим берүү уюмдары болуп калат.

 

Азыркы тренингинин темасы «Кардарлар». Жеке балдар бакчасы өз кардарларынын каражаттарына иштейт, бул бардык күчүн жумшоону жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын талап кылат.

 

Жеке балдар бакчасынын директору атаандаштык шарттарында кардарды кантип тартууга жана аны кантип кармап калууга тийиш, «кардар-балдар бакчасы» мамилелери кандай болууга тийиш, өз ишинин сапатын кардарга кантип көрсөтүү керек, кызмат көрсөтүүлөргө бааны кантип кармап турууга же жогорулатууга болот?

 

Ушул жана башка көптөгөн маселелерди кантип чечүү керектиги жөнүндө ушул тренингде Мария Миркес айтып берет. Тренинг эки күнгө созулат жана жетекчилерге эң мыкты кеңештердин негизинде түзүлгөн. Өткөрүү орду кошумча маалымдалат.

 

Машыктыруучу менен макулдашуу боюнча Сиздин бала бакчаңызга баруу менен жекече консультациялар берилиши мүмкүн.

 

Наркы – 7000 сом. Жазылуу төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 382, 0772 800 376, Асель Джакыпбекова, «Балалык мектеби» Лекторий программасынын координатору.