ТазаБИШтин жаңы сезону: 26-сентябрда, саат 10:00дө, К.Ататүрк атындагы сейил багында

September 16, 2015, 06:00



ТазаБИШтин жаңы сезону: 

 

26-сентябрда, саат 10:00дө, К.Ататүрк атындагы сейил багында

 

күзгү эко-акция өтөт

 

 

 

2015-жылдын 26-сентябрында (ишемби) «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында күзгү «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) акциясы өтөт.

 

Акция «Зеленстрой» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын техникалык колдоосунда студенттик жана коомдук экологиялык уюмдардын жана кыймылдардын катышуусу менен К. Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында (Ахунбаев көчөсү дареги боюнча) өтөт.

 

Чогулуу Сейил бактын башкы кире беришинин жанында саат 10:00дө.

 

Бишкек шаарынын Мэриясы менен кызматташтыкта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду акцияны уюштуруучу болуп саналат.

 

Бул акциянын максаты Бишкек шаарынын экологиялык көйгөйлөрүнө жана тазалыгына коомчулуктун көңүлүн буруу, шаардыктар арасында сырттан карап байкап туруучунун эмес, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.

 

Эске сала кетели, ТазаБИШ кыймылы «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун акцияларынын бири катары 2015-жылдын апрелинде башталган. Кезектеги акция эсеби боюнча бешинчиси жана ушул жылдын күзүндөгү биринчиси болуп саналат.

 

Бардык шаардыктарды жана шаарыбыздын көрүнүшү кайдыгер калтырбагандардын бардыгын «ТазаБИШ» акциясына катышууга чакырабыз!

 

Ар бирибиз өз шаарыбыздын тазалыгына өзүбүздүн конкреттүү салымыбызды кошо алабыз! 

 

Акциянын координаторлору: Данияр Сүйүндүк уулу, 0555 151851, Сабира Солтонгельдиева, 0553 744334

Долбоордун PR менеджери: Мария Колесникова, 0556 205305

 

www.roza.kg

www.festival.roza.kg

Тел: 66-03-68, 66-03-82