“3 жаштан кийин кеч” Инстаграм баракчасында “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында аталар арасында сынак жүрүүдө

October 23, 2023, 09:58
“3 жаштан кийин кеч” Инстаграм баракчасында “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында аталар арасында сынак жүрүүдө.

Конкурстун максаты балдардын эрте курактан өнүгүүсүндө аталардын катышуусунун маанилүүлүгүн кеңири калкка жайылтуу.

Аталар баласынын же кызынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы тууралуу видео тартуу жана аталардын балдардын жашосундагы орду тууралуу кыска ой-толгоосу менен бөлүшүшкөн. Сынакка “Үй-бүлөлүк көз ирмемдер”, “Чыгармачыл ата болуу”, “Бирге окуйбуз”, “Күлкүлүү көз ирмемдер” сыяктуу бир нече тематикадан тандалып алынган видеолор сунушталды.

3 жаштан кийин кеч” Инстаграм баракчасына кирип видеолор менен таанышып, лайк басып, пикир калтырыңыз. Сиздердин пикир жеңүүчүнү аныктаганга жардам берет.Конкурстун жеңүүчүлөрү велосипед, кинотеатрга билет,китептер жана башка буюмдар менен сыйланышат. Конкурс “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоор 2022-жылдын апрель айынан бери Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.