Чолпон-Атада жабдууларды расмий тапшыруу

April 26, 2024, 12:29

Климаттык өзгөчө кырдаалдарга аракет кылуу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана материалдарды расмий тапшыруу болуп өттү. Иш-чара «Климаттык өзгөчө кырдаалдарга жамааттык аракет кылууну колдоо жана адамдын коопсуздугун жана «жашыл» өзгөрүүлөрдү колдоо үчүн өнүктүрүүнүн туруктуу жолдорун түзүү» долбоорунун алкагында уюштурулду, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ПРООНдун колдоосу жана Япония Өкмөтүнүн финансылоосу менен ишке ашырып жатат.

 

Чолпон-Ата шаарында өткөн тапшыруу аземине Ысык-Көл областынын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жапарбек Ормонов, ӨКМнын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгынын начальниги полковник Мирлан Карабаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана долбоордун бенефициарлары катышты.

 

Берилген жабдуулардын тизмеси аэросүрөткө тартуу үчүн квадрокоптерлерден жана экстремалдык шарттарда иштөө үчүн жабдуулардан тартып суу өтпөгөн курткалар жана берцы, палаткалар, өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү үчүн носилкалар жана аптечкалар сыяктуу атайын инструменттер жана каражаттар сыяктуу зарыл материалдарды камтыйт.

 

Мониторинг жүргүзүү үчүн жабдуулардын тизмеси ӨКМнын ушул багытта иштеп жаткан эксперттери жана жергиликтүү өкүлдөрү менен менен бирдикте иштелип чыкты. Инструменттердин тизмесин түзүү ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылды.

 

«Кыргызстанда муз көлдөрдүн жээктен чыгышы (GLOF) менен байланышкан суу ташкындоолордон жана жер көчкүлөрдөн тобокелдиктерди жана чабалдыкты төмөндөтүү» долбоору жаратылыш кырсыктарынын мониторингинин улуттук системасын жана коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын чыңдоого багытталган.

 

Долбоордун максаты GLOF сыяктуу башкы көйгөйлөрдүн алдында жаратылыш кырсыктарынын мониторингин жана аны болжолдоону жакшыртуунун жардамы менен климаттын өзгөрүшүнө байымдуулукту жогорулатууда жана чабалдыкты төмөндөтүүдө турат.

 

Долбоордун натыйжалары боюнча экологиялык мониторинг топтору түзүлгөн, ГЭМ үчүн нускамалар жана окуу модулдары иштелип чыккан, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү боюнча тренингдер жана семинарлар өткөрүлгөн. Долбоор ошондой эле кырсыктардын тобокелдиктери жана ар кандай деңгээлдерде каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө калктын маалымдар болушун жогорулатууга түрткү берди.

 

Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү жана долбоордун бенефициарлары ПРООНго жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна алардын ушул долбоорго көмөктөшкөндүгү жана аны ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.