ЖМКлар биз жөнүндө: Р.Отунбаеванын Фонду «2014 Мекендештер форуму. КРныөнүктүрүүгө салым» экинчи конференциясын өткөрөт

June 5, 2014, 06:00

Бишкекте «2014 Мекендештер форуму. КРныөнүктүрүүгө салым» экинчи конференция-саммити өтөт, деп билдирди «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Жибек Койчукулова 5-июнда борбор шаардагы пресс-конференцияда.

 

Конференция-саммит чет өлкөдө жашаган, өлкөгө пайда келтирүүгө жана Кыргызстанды өз мекеним деп эсептеген азыркы жана келечектеги муундар бакубаттуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетишүүсүнө катышууга ниеттенген мекендеш кыргызстандыктарды чогултат.

 

«Биринчи форум 2012-жылы өткөн жана ал учурда биз 300-400гө жакын адамды чогултканбыз. Быйылкы жылы биз андан да көп сандагы катышуучуларды чогултуугаүмүттөнүп жатабыз», - деп айтты Ж.Койчукулова.

 

Эки күндүн ичинде, 25-26-июлда, иш-чаранын катышуучулары тегерек стол, пленардык жыйналыш жана панелдик дискуссия форматында миграциялык саясатты, өз алдынча уюштуруу маселелерин жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар диаспораларынын ишин, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин абалын талкуулайт.

 

«Аталыштын өзүндө Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым жазылган. Муну менен биз эмнени айткыбыз келет? Салым бул инвестициялар жана финансылык чегерүүлөр гана эмес, биз бардыгыбыз билгендей, Кыргызстандан барган мигранттардын чегерүүлөрү өлкөнүн ИДПсынын дээрлик жарымын түзөт. Мындан тышкары, адамдык потенциал да бар. Бизден мыкты адистер чет өлкөлөргө кетип жатат жана биздин алдыбызда олуттуу– ушул потенциалды өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайра кайтаруу милдети турат»,деп айтты форумдун уюштуруу комитетинин координатору ЖамиляЖеенбаева.

 

Быйылкы жылдагы форумдун жаңылыктарынын бири болуп китеп басып чыгаруучулардын, демейки экологиялык билимдерди алып жүрүүчүлөрдүн жана аянтчалардын көргөзмө иш-чараларын өткөрүү саналат, ал жерде катышуучулар маалымат алмашып жана кызматташуу жана бизнести жүргүзүү боюнча потенциалдуу өнөктөрдү таба алат.

Форум 27-июлда Чолпон-Ата шаарында спорттук иш-чаралар менен аяктайт.

 

CA-NEWS (KG)