ЖМКлар биз жөнүндө: Бир катар диаспоралар «2014 Мекендештер» форумуна катышууга макулдук берди

June 5, 2014, 06:00

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын үч диаспорасынын өкүлдөрү «2014 Мекендештер» форумуна катышууга макулдук берди, деп билдирди форумдун уюштуруу комитетинин координатору Жамиля Жеенбаева.

 

«Азыр бизде катышуучуларды каттоо жүрүп жатат. Биз ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларыменен маектешип жатабыз: 3 диаспора: Түркиядагы, Кытайдагы жана Америкадагы диаспораларкатышууга макулдук берди. Азыр биз ошондой эле Германиядагы, Италиядагы, Голландиядагы, Түштүк Кореядагыдиаспоралар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», - деп айтты ал 5-июнда Бишкектеги пресс-конференцияда.

 

«Айта кетүү керек: азыр диаспоралардын калыптанышы гана эмес, ошондой эле майдаланышы жүрүп жатат, диаспорадан тышта болгон айрым мекендештер да бар. Биз аларга да өз пикирин айтуугамүмкүнчүлүк беребиз». – деп жыйынтыктады ал.

 

Форум 25-26-июлда өтөт. Уюштуруучу болуп «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду саналат.

АКИpress