«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фондусу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым Укуктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу аркылуу тажрыйба алмашуу визити менен тегерек стол өткөрдү

July 3, 2014, 06:00

Бул иш -чаранын алкагында « Сузак жана Базар-Коргон райондорунун мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча тажрыйбалары» деген темада пилоттук долбоорго кирген жана долбоорго кирбеген мектептердин иштери менен таанышышты.


1.Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы эч кандай проектиге кирбеген мектептин иши менен таанышуу болду


2. БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын долбооруна кирген Сузак районундагы Таш-Булак айлындагы № 23 орто мектептин иши, ,инфраструктурасы, мектеп ашканасынын жабдылышы, мектеп тамагынын менюсу менен таанышышты жана мектептин базасында майыптар үчүн ачылган 40 орундук реабилитациялык борбор менен таанышышты.


3 .Ошондой эле Багыш айыл аймагындагы пилоттук долбоорго кирген №9Мичурин орто мектебинин иш аракеттери, инфраструктурасы, мектеп ашканасынын жабдылышы , мектептин менюсу менен таанышышты.


Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде областык админстрациянын жетекчиликтеринин, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын, вице-мэрлердин, айылдык кеңештин депутаттарынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнун жетекчилеринин, мектептин директорлорунун, областтык санэпидемстанциялардын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын мамлекеттик эмес уюмдун жетекчилери, эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүлдү.


Бул иш-чарага ЖК депутаты вице спикер Мамырова Б.А. ,ЖК депутаты ОрозоваК.Б , КР Билим жана Илим министринин орун басары Кендирбаева Д.Ш , БУУнун Дүнөлүк Азык-Түлүк программасынын өкүлдөрү Арзанова А, Эл Аралык Коомдук фонддон Койчукулова Ж. ,Кайыкова Р. катышышты. Долбоорлордун ийгиликтери жана проблемалар жөнүндө презентациялар болду. Сузак району боюнча райондук билим берүү бөлүмүнун башчысынын милдетин аткаруучу Режавалиев Н ,Базар-Коргон району боюнча райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Т, Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Турдукулов Э, Дүйнөлүк Аэык –Түлүк Программасынын өкүлү Арзанова А. , «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл Аралык Коомдук фонду жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча долбоордун кординатору Кайыкова Р. презентация жасашты.