Р. И. Отунбаеванын Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына сапары болуп өттү

February 4, 2015, 06:00

КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И.Отунбаева менен ишсапарга азык-түлүк программасы боюнча БУУнун программасынын Өлкөлүк директору Рам Сараванамутту мырза, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түндүк жана түштүк региондору боюнча өкүлдөрү У. Раимкулов, Н. Абабакиров, Ш.Ходжаев, С.Айдаров, А. Арзанова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Т.Т. Мамырбаева, КР Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Н.Д. Бейшеева, Формуду өткөрүү боюнча эксперт Р. Султанова, Эл аралык коомдук фонддун координатору Р.Ж. Кайыкова, Эл аралык коомдук фонддун эксперти А. Жооданбеков, Эл аралык коомдук фонддун адиси Данияр Сүйүндүк уулу катышты.

 

19-20-январда Талас облусуна ишсапардын жүрүшүндө Кара-Буура районунун Бакайыр айыл округунун Кара-Сай айылында жаңы «Мөлтүр» балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» пилоттук долбооруна кирген Дүйшөбаев атындагы мектепке, ошондой эле Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Батырбашиев мектебине; Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектепке барышты. Мектепке баруунун жүрүшүндө катышуучулар мектеп тамак-ашын жакшыртуу, мектепке чейинки билим берүүнү даярдоонун жана аны менен камтуунун сапатын жогорулатуу боюнча ишти уюштуруу менен таанышты, ата-энелер жана балдар бакчаларынын жана мектептердин педагогдору менен жолугушуу өттү. Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун активдери менен жолугушуу өттү, анда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөдү жана жолугушуунун катышуучуларына бул визиттин максаттары жөнүндө айтып берди.

 

Өз сөзүндө ал мектеп тамак-ашы боюнча Фонддун долбоорлору, жайкы сезонго карата даярдыктын башталышында жарыяланган жайлоодогу балдар бакчалары, балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө жана өткөн жылы Фонд балдар ырларынын «Бөбөк ыры» биринчи республикалык конкурсун өткөргөндүгү, анын жыйынтыктары боюнча жеңүүчүлөрдүн ырларынын кыргыз тилиндеги жыйнагы чыгарылгандыгы, бүгүн бардык балдар бакчаларына акысыз белек берилээри жөнүндө айтып берди, ошондой эле катышуучуларга алдыдагы 2-3-марттагы Кыргызстан аялдарынын Форуму жөнүндө сөз кылды.

  

Жолугушууда төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

 

1. Жолугушуунун катышуучуларын «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун максаттары жана милдеттери менен долбоордун координатору Р. Кайыкова тааныштырды жана Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун оң тажрыйбасын презентациялоо менен сөз сүйлөштү. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин НЦОМиД башкы диетологу медициналык илимдин доктору Т.Т. Мамырбаеванын презентациясы өттү.

 

2. Мектепке кирер алдындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну арттыруу үчүн жайлоодогу балдар бакчаларын көбөйтүү, жайлоодогу балдар бакчаларын уюштуруунун ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө видеороликти көрсөтүү менен долбоордун координатору А.Жооданбеков сөз сүйлөдү.

 

3. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору жөнүндө.

 

4. Балдар ырларынын «Бөбөк ыры» жыйнагын чыгаруу жөнүндө.

 

5. «КРда гендердик саясатты алга илгерилетүү» темасына аялдардын республикалык съездин өткөрүү жөнүндө.

 

Жолугушуу учурунда КР экс-президенти Р.И.Отунбаева китепти көркөм окуунун эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү Исламжанов Каримжанга, Рысбек кызы Айжанга (Кара-Буура районундагы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин окуучулары), Шуспанова Настяга жана Нурмамбетова Айзатка (Талас шаарындагы №2, №1 орто мектептердин окуучулары) белектерди тапшырды.

 

Мындан тышкары, Талас шаарына № 5 мектептин базасындагы «Балажан» жана № 4 мектептин базасындагы «Баластан» мектепке чейинки кыска мөөнөттүү даярдоо топторуна визит жасалды. Улуттук салттарды үйрөтүү (бешик, бешик ырларын окутуу), шахмат, дойбу жана башкаларды ойноого балдарды үйрөтүүгө ата-энелерди тартуу боюнча оң тажрыйба менен таанышты, Талас районунун Ак-Сай айылынын Ш.Жумагулов атындагы «Манас» интернат-лицейине барышты, ал жерде мектеп тамак-ашын жакшыртуунун жүрүшү менен таанышты.

 

21-22-январда Жалал-Абад облусуна ишсапардын жүрүшүндө Кара-Көл шаарындагы «Келечек», Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы «Жеткинчек» балдар бакчаларына баруу, мектепке чейинки билим берүүнү даярдоонун жана аны менен камтуунун сапатын жогорулатуу маселелери боюнча ата-энелер жана балдар бакчаларынын педагогдору менен жолугушуулар уюштурулду. Аксы районунун Кербен шаарындагы Бөкөнбаев атындагы мектепте; Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы Акпаралиев атындагы мектепте мектеп тамак-ашын уюштуруу маселелери менен таанышты. Ала-Бука, Чаткал жана Аксы райондорунун активдери менен жолугушуу уюштурулду. Мектеп тамак-ашынын сапатын жакшыртуу боюнча маселелер жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну арттыруу үчүн жайлоодогу балдар бакчаларын көбөйтүү маселеси, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору, «КРда гендердик саясатты алга илгерилетүү» темасына аялдардын республикалык съездин өткөрүү жөнүндө маселелер талкууланды.

 

Мындан тышкары, Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы Н.Алыкулов атындагы №11 гимназия-мектепке барышты, ал жерде мектеп тамак-ашында пайдалануу үчүн мектептин имаратында карапаларда жашылчаларды (укроп, пияз, салаттын жалбырактары) өстүрүү жана коендор багылган (6 баш коендон баштаган, алар 2 айдын ичинде 30 башка жетти) мектеп жанындагы чарбаны өнүктүрүү боюнча мектептин администрациясынын демилгесин бардыгы белгиледи. Макаренко атындагы №1 гимназия-мектепке ата-энелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мектептин инфраструктурасын жакшыртууга салым кошту (суу менен жабдуу, идиштерди сатып алуу, ашканада кафель жаткыруу). Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларынын активдери менен жолугушуу болду. Мектеп тамак-ашынын сапатын жакшыртуу боюнча маселелер жана жайлоодогу балдар бакчаларын көбөйтүү маселеси, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору, «КРда гендердик саясатты алга илгерилетүү» темасына аялдардын республикалык съездин өткөрүү жөнүндө маселелер талкууланды. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАГУ) профессордук-окутуучу курамы менен жолугушуу өткөрүлдү, жолугушуунун жүрүшүндө КР экс-президенти, ЖАГУнун ардактуу профессору Р.И. Отунбаева республиканын региондору боюнча ишсапардын максаттары жөнүндө айтып берди.

 

23-январда Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучу курам менен жана Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жана Ош шаарынын активдери менен жолугушуу өткөрүлдү, ал жерде да жогоруда аталган маселелер талкууланды.

 

26-январда ушундай эле жолугушуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Москва, Панфилов, Жайыл, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын активдери менен өткөрүлдү.

 

Мындан тышкары, калк менен региондук жолугушуулардын жүрүшүндө КР Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Н.Д. Бейшеева Пекин аракет Платформасынын 12 багытын Кыргыз Республикасында 1995-жылдан тартып 2014-жылга чейинки мезгилдин ичинде турмушка ашыруунун маселелерин талкуулады, гендердик саясатты ишке ашыруунун 20 жылдык мезгилинин ичиндеги кырдаалдын талдоосу сунуш кылынды жана социалдык, экономикалык, саясий чөйрөлөрдө аялдардын укуктарын турмушка ашыруудагы негизги көйгөйлүү аспекттер жана сот адилеттигине аялдардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер белгиленди.

 

Форумдун координатору Султанова Римма негизги багыттарды, Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун максаттарын жана милдеттерин презентациялады.

 

Жолугушуулардын катышуучулары кыз-келиндердин укуктарын алга илгерилетүү жана коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн жана ага эркектерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Бардык региондордо жолугушуулардын катышуучулары облустук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондордун акимдери, социалдык маселелер боюнча акимдердин орун басарлары, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жайын комитеттеринин жетекчилери, мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары, облустук жана райондук санэпидэмстанциялардын жетекчилери, айылдык округдардын, ардагерлер кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар кеңештеринин башчылары, айылдык ден соолук комитеттеринин башчылары, балдардын маселелери боюнча НПО активисттери, ата-энелер жана лидер – активист аялдар болду. Бардыгы болуп жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча жолугушуулар өткөн бардык облустарда 1400гө жакын адам камтылды. Адамдар бардык сунуштарды жана демилгелерди түшүнүү менен кабыл алды. Бардык жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Талас облусунда К.А. Курманалиева, Жалал-Абад облусунда Ж.Ш. Эгембердиева, Ош облусунда С.Ш Жээнбеков жана биринчи орун басары Б.Ю Юсупов, Чүй облусунда К.К Исаев, орун басары З.К. Урманбетов катышты.