«ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоору

February 6, 2015, 06:00

Биз жаңы «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоору ишке киргизилгени жөнүндө кабарлоого куштарбыз, анын максаты сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу жарандык жоопкерчиликти жана балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.


Бул эко-долбоор экологияга көңүл буруу менен 2015-жылдын жазына пландаштырылган үчүнчү Билим берүү фестивалына даярдыктан башталды.


Максаты коомдо билимдин баалуулугун жана маанилүүлүгүн, сапатын жана артыкчылыгын кайра жаратуу болуп саналган биринчи Билим берүү фестивалы Фонд тарабынан демилгеленген жана 2013-жылдын майында өткөрүлгөн. 2014-жылдан тартып Фестиваль тематикалык болуп калды жана эми илим менен техникага, ошондой эле салттуу экологиялык билимдерге арналды жана И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университеттин базасында өткөрүлдү.


2015-жылдын жазында өтө турган үчүнчү Билим берүү фестивалынын темасы экология болмокчу. Фестивалдын биринчи күнү – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университеттин базасында, ал эми экинчи күнү Бишкектин борборунда өтөт.


Ошентип, үчүнчү Фестиваль чоң 2015 – эко-долбоордун багыттарынын бири болуп калат, ал Бишкектин экологиялык, жаштар, коомдук жана мамлекеттик мекемелеринин биргелешкен күч-аракеттерин турмушка ашыруу үчүн жалпы платформа болуп калат. Долбоор төмөнкүдөй компоненттерден турат:


1. Бишкектин мектептеринин мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий.


2. Бишкек шаарынын мектептери боюнча «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы».


3. Эко-акциялар («ТазаБИШ» - ыктыярдуу эко-десант; «Менин жашыл досум» (өсүмдүк өстүрүү); «Жашыл Бишкек» – шаардагы мектептердин жанын жашылдандыруу; Эл аралык экологиялык акциялар: «Аткарабыз!»/ «Планетаны таштандыдан тазалайбыз»/ «Парктардын маршы»; «Полиэтилен пакеттер болбосун»; макулатура чогултуу; Суу Музейиндеги иш-чаралар).


4. Конкурстар/викториналар/конференциялар/экскурсиялар («Эко-фото аңчылык», видеоклиптердин, постерлердин/сүрөттөрдүн конкурсу, экология боюнча педагогикалык идеялардын ярмаркасы, «Эко-селфи», экология боюнча викторина).


5. Маалыматтык-билим берүү өнөктүгү (эко-студия, атайын репортаждар жана башкалар).

 

Бишкек Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте экологиялык уюмдардын жигердүү катышуусу менен мугалимдер үчүн «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» Лекторийи ишке киргизилди. Шаардын 63 мектебинен мугалимдердин катышуусу менен биринчи лекция 2015-жылдын 15-январында өткөрүлдү.

 

Ойлор барбы? Катышкыңар келеби? Кошулгула!

 

Сөздөн жана сындан ишке өтөлү.

 

Байланыш:

Жумушта: 66-03-68 (долбоордун координатору – Исак кызы Клара)

Моб: 0550 328899 (долбоордун ассистенти – Айзада Ургуналиева)

E-mail: bilimfest@roza.kg , office@roza.kg

Жаңылыктарды www.roza.kg сайтынан карагыла.