Борбор шаардын Мэриясы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду экологиянын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулады

February 6, 2015, 06:00

Мэриянын жыйналыш залында вице-мэрлер Марс Саккараевдин жана Айгүл Рыскулованын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун координатору Исак кызы Клара жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева менен жолугушуусу болуп өттү, ошондой эле жолугушууга шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

 

Жолугушууда борбор шаардын мэриясынын «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер талкууланды. Негизинен сергек жашоо ыңгайы үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу жарандык жоопкерчиликти жана балдар менен жаштарда, ошондой эле тургундарда жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоорду турмушка ашыруудагы маселелер талкууланды.

 

Долбоордун координатору Исак кызы Клара бул долбоорду турмушка ашырууда муниципалитетти жана жаштар активин башкы өнөк деп көрөөрүн билдирди.

 

«Иш дал борбор шаардан башталууга тийиш, анткени Бишкек – биздин өлкөнүн жүзү. Биздин максат – экологияны жакшыртуу боюнча ишке борбор шаардын балдарын жана жаштарын тартуу», – деп белгиледи координатор.

 

Долбоорду турмушка ашыруунун алкагында шаарда ЭКО-акциялар өткөрүлөт, биргелешкен ишембиликтер уюштурулат жана волонтерлордон турган ТазаБИШ-ыктыярдуу экологиялык десант түзүлөт. Ошондой эле жаздын келиши менен борбор шаардын беш мектебинде мектептин жанын жашылдандыруу боюнча пилоттук долбоорлор ишке киргизилет.

 

Өз кезегинде вице-мэр Марс Саккараев шаар үчүн долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

«Экология көйгөйү актуалдуу болуп саналат. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөр экологияга зор көңүл бурат жана көпчүлүгү полиэтилен пакеттерден баш тарткан жана экопакетке өткөн. Жакын мезгилдин ичинде борбор шаарда евроконтейнерлер орнотулат жана бүгүнкү күндө биздин милдетибиз өсүп келаткан муунду таштандыны сорттоого жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга мектептен тартып эле үйрөтүүдө турат. Өз тарабынан муниципалитет экологияны жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында өткөрүлө турган иш-чараларды колдойт», – деп айтты вице-мэр.

 

 

Булак: Бишкек шаарынын мэриясынын сайты