«Цзяньчжи» кагаздан оюу кесүүнүн салтка айланган кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класс өттү

February 12, 2015, 06:00

12-февралда Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин кинозалында «Цзяньчжи» кагаздан оюу кесүүнүн салтка айланган кытай көркөм өнөрү боюнча мастер-класс өттү.

 

Көркөм өнөрдүн кытай булактарына ишенсек, «Цзяньчжи» дээрлик 2000 жыл мурда пайда болгон. Борбордук жана Батыш Кытайда археологиялык казуулардын учурунда табылган кагаздардын үзүктөрүн Цзяньчжини Хань династиясынын (биздин доорго чейинки 202-16 жылдар) башкаруусунун мезгилине таандык кылат. Кагаз оюуларды февралда майрамдалуучу кытай жаңы жылынын алдында терезелерге илет, туулган күнгө, үйлөнүү үлпөтүнө жана башка майрамдарга байланыштуу белек катарында тартуулашат. Кагаз оюу үйдү сактап турат деп эсептелет.

 

Оюулар кайчы же бычак менен оюп кесилет. Кытайда оюуларды кыздар жана аялдар оет. Өткөн мезгилде кыздар «Цзяньчжи» көркөм өнөрүн билүүгө тийиш болгон.

 

Оюулар атайын өтө жука, көп учурда кызыл түстөгү кагазга оюп кесилет. Оюулардын темалары өтө ар түрдүү: жаныбарлардын сөлөкөтү, гүлдөр жана өсүмдүктөр, кытай иероглифтери, орнамент. Сүрөттөргө окшогон, болгону кагаздан оюп кесилген өтө татаал композициялар бар.

 

Айтмакчы, «цзяньчжи» оюп кесилүүчү кагаз ушунчалык жука болгондуктан, кала берсе байкабай тийип алсаң да айрылып кетет.

 

Азыркы учурда кагаз филигрань көркөм өнөрү Кытайда өтө популярдуу. Кагазды көркөм кесүү жана кайчы менен иштөө баланын кылдат моторикасын, анын ой жүгүртүүсүн, жадын, тактыгын, мейкиндикте ойлоонууну, көркөм табитти өнүктүрөт.

 

Мастер-класска Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан 150дөн ашык адам: мектеп мугалимдери, балдар бакчаларынын тарбиячылары, Бишкектин бардык райондорунан Балдар чыгармачылык борборлорунун педагогдору катышты. Конфуций Институтунан чебердин жетекчилиги астында катышуучулар эң жөнөкөй фигураларды оюп кесүүдөн баштады. Эки саат сабактын ичинде ар кандай татаалдыктагы оюулардын төрт үлгүсү көрсөтүлдү жана аткарылды.