Баткен облусуна ишсапар болуп өттү

February 16, 2015, 06:00

Ишсапарга КР ЖК депутаты Орозова Карамат, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түштүк регион боюнча өкүлү С. Айдаров, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Т.Т. Мамырбаева, Эл аралык коомдук фонддун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору А. Жооданбеков, Эл аралык коомдук фонддун адиси Данияр Сүйүндүк уулу катышты.

 

Ишсапардын жүрүшүндө 5-6-февралда Баткен облусунда Газ айылындагы Газ атындагы орто мектепке жана «Бүчүр» балдар бакчасына, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» пилоттук долбооруна кирген Б.Токсонов атындагы орто мектепке, ошондой эле Исфана шаарынын Ю.Гагарин атындагы, А.Навои атындагы мектептерине, «Барчын» балдар бакчасына, Жаш-Тилек мектебине жана Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы «Маданият» мектебине барышты. Кыдыруунун жүрүшүндө катышуучулар мектеп тамак-ашын жакшыртуу, мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун жана даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча иштин уюштурулушу менен таанышты.

 

2015-жылдын 5-февралында Лейлек районунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын активдери менен жолугушуу өттү, андан соң 6-февралда Баткен, Кызыл-Кыя шаарларынын, Кадамжай жана Баткен райондорунун активдери менен жолугушуу өткөрүлдү.

 

Жолугушууда төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

 

1. «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин НЦОМиД башкы диетологу медициналык илимдин доктору Т.Т. Мамырбаеванын презентациясы өттү.

 

2. Мектепке кирер алдындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну арттыруу үчүн жайлоодогу балдар бакчаларынын санын көбөйтүү, жайлоодогу балдар бакчаларын уюштуруунун ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө видеороликти көрсөтүү менен долбоордун координатору А.Жооданбеков сөз сүйлөдү.

 

3. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору жөнүндө.

 

4. Балдар ырларынын «Бөбөк ыры» жыйнагын чыгаруу жөнүндө.

 

5. 2-3-мартта «КРда гендердик саясатты алга илгерилетүү» темасына аялдардын республикалык съездин өткөрүү жөнүндө.

 

Баткен облусунда облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондордун акимдери, социалдык маселелер боюнча акимдердин орун басарлары, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жайыт комитеттеринин жетекчилери, мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары, облустук жана райондук санитардык-эпидемиологиялык станциялардын директорлору, айыл округдарынын башчылары, ардагерлер кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, айылдык ден соолук комитеттеринин башчылары, балдар маселелери боюнча НПО активисттери, ата-энелер жана лидерлер – активист аялдар жолугушуулардын катышуучулары болду. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча, болуп өткөн жолугушууларга бардыгы болуп 150дөн ашык адам катышты. Бардык сунуштар жана демилгелер адамдар тарабынан түшүнүү менен кабыл алынды. Бардык жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Калыков катышты.