«Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийдин» экинчи лекциясы

February 16, 2015, 06:00

Өткөн жумада, 2015-жылдын 13-февралында, № 70 гимназия мектебинде Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийдин алкагында уюштурулган экинчи лекция өттү.

 

Лекцияга шаардын 83 мектебинен география, биология жана химия мугалимдери, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университеттин өкүлдөрү катышты.

 

Орнитолог, биология илимдеринин кандидаты, география илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Шүкүров Эмил Жапарович жана эколог, «БИОМ» экологиялык кыймылынын төрагасынын орун басары Домашов Илья лектор болду. Алар катышуучуларга шаарды жана мектептердин айланасын жашылдандыруунун негиздери жөнүндө айтып берди жана өз сунуштарын берди. Ошондой эле лекцияларда «Таалим-Форум» коомдук фондунан Кыргызстандын жаратылышы жана жаныбарлары жөнүндө китептер презентацияланды, алар сатууга чыгарылып жатат.

 

«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун жана үчүнчү Билим берүү фестивалынын: эко-фестивалынын алкагында (2015-жылдын 24-25-апрели) география жана биология мугалимдери үчүн Экологиялык лекторийдин экинчи лекциясы өткөрүлдү, анын максаты экологиялык мобилизациялоону жана агартууну, эко-маданиятты жана экологиялык аң-сезимди алга илгерилетүү, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоону пропагандалоо болуп саналат.

 

Уюштуруучулар:


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (www.roza.kg) Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы (www.edubishkek.kg), Кыргызстандын «АЛЕЙНЕ» экологиялык кыймылы жана «БИОМ» экологиялык кыймылы (www.biom.kg) менен кызматташтыкта.

 

Лекциянын материалдары орус тилинде PDF форматында тиркелет.


"Мектептерди жашылдандыруу" - лектор Шүкүров Эмил

"Жергиликтүү түрлөр менен жашылдандыруу" - лектор Илья Домашов

Лекторлордон эскерткич