Түркиянын Өкмөтүнүн алдындагы Чет өлкөлөрдөгү түрктөрдүн жана тууган жамааттардын иштери боюнча башкармалыкка окуу ишсапарынын жыйынтыктары

February 17, 2015, 06:00

2015-жылдын 8-февралынан тартып 11-февралына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун көмөгү аркасында Кыргызстандан делегациянын Түркиянын Өкмөтүнүн алдындагы Чет өлкөлөрдөгү түрктөрдүн жана тууган жамааттардын иштери боюнча башкармалыкка окуу ишсапары болуп өттү.

 

Окуу визитинин максаты – чет өлкөлөрдөгү диаспоралар жана кыргызстандыктар менен иштөө үчүн тажрыйба алуу жана андан аркы адаптация.

 

Визиттин жүрүшүндө Чет өлкөлөрдөгү түрктөрдүн иштери боюнча башкармалыктын жетекчилиги, Түркиянын Дин иштери боюнча министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Эмгек жана социалдык камсыз кылуу министрлиги, Улуттук билим берүү департаменти жана Түркиянын Улуттук банкынын өкүлү менен жолугушуулар өткөрүлдү.


 

 


Түркиядан жарандардын массалык миграциясы 1960-жылы башталган, бул өлкөнүн мигранттар жана диаспоралар менен иштөө жагынан өтө зор тажрыйбасы бар экенин белгилеп кетүү керек. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө 6 миллион түрк бар. Өлкөнүн дал чет өлкөлөргө кеткен жарандары Түркиянын өнүгүшүнө, атап айтканда, акча которуу жана Борбордук банкта аманаттарды сактоо аркылуу тышкы карыздан арылууга баа жеткис салым кошо алды.

 




Делегациянын курамына төмөнкүлөр кирди:

 

Бараканова Салтанат – КР ЖКнын миграция жана жаштар маселелери боюнча эксперти,

 

Уметова Айнура – КР Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн эксперти,

 

Дарманкул уулу Бакыт – Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин түрк багытына кураторлук кылган Миграциялык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси,

 

Банур Абдиева – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Мекендештер Форуму» долбоорунун координатору,

 

Токторбаева Жаннат – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Мекендештер Форуму» долбоорунун ассистенти.

 

Делегациянын катышуучулары алынган тажрыйбаны Кыргызстанда байыр алдыруу жана колдонуу жагынан идеяларга жана пландарга бай.

_____________________________________________________________________________

Миграциялык курамды өнүктүрүү стратегиясына кошуу боюнча биргелешкен глобалдык программа

Бангладеш*Кыргызстан*Молдавия*Марокко* Сербия*Тунис*Эквадор*Ямайка