«Устат-2» долбооруна катышкан кыздар үчүн «Education in USA» лекциясы өттү

February 23, 2015, 06:00

2014-жылдын 20-февралында К.Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканада жайгашкан «Америка борбору» маалымат борборунда «Устат-2» долбоорунун катышуучулары үчүн АКШда билим берүү боюнча лекция өттү.


АКШда билим берүү боюнча консультант Мирлан Кенжебаевге пайдалуу, кызыктуу жана үзүрлүү лекциясы үчүн ыраазычылык билдиребиз.


Лекцияда катышкан кыздар окуу жайларына кантип кирүүгө боло тургандыгын, community college жана университеттерге кирүүнүн ортосундагы айырманы, окуунун баасын жана бул үчүн эмне керектигин билишти. Кыздар АКШда окуу бул кадырлуу жана рентабелдүү, бирок бул үчүн англис тилин билүү жана TOEFL сертификаты болушу зарыл экенин түшүндү.


Ошондой эле лекциянын учурунда катышкан кыздарга кыргызстандык студенттер АКШда кантип жашап жана окуп жаткандыгы жөнүндө, алар дуушарланып жаткан оорчулуктар, бирок мында билим биринчи орунда тургандыгын түшүнөөрү жөнүндө видео көрсөтүлдү.


Алсак, катышуучулардын бири, №84 мектептин 11-классынын окуучусу Перизат Анарбекова лекциядан соң кийинки күнү АКШда окуу үчүн ал жетишүүгө тийиш болгон максаттарды өз алдына койгонун айтты: «Биринчиден, мен күн сайын англис тилиндеги 30 сөздү үйрөнүү максатын көздөп жатам, андан соң TOEFL тапшырам. Окууга кирүү учурунда грантка өтүнүч берем, анткени менин үй-бүлөмдө толук сумманы төлөөгө мүмкүнчүлүк жок».


Кыздарга эки жылдык жана төрт жылдык курстарда окуу деген эмне экендиги жөнүндө айтып беришти.


Community College’де окуу

- Эки жылдык жогорку окуу жайлары төмөнкүдөй ар башкача аталышы мүмкүн: community colleges, junior colleges, technical colleges, liberal arts colleges. Бул категорияга ошондой эле тар адистиктеги көп сандаган колледждер жана мектептер кирет: айыл чарбасы, басма иши, көркөм өнөр ж.б. Алар кесиптик жана кесиптик-техникалык квалификацияны (certificate) алууга мүмкүндүк берген курстарды сунуш кылат.


Университетте окуу:

- АКШда төрт жылдык окуу төмөнкүлөрдү алууга мүмкүндүк берет: академиялык даража (Associate же Bachelor); илимий даража (Master, кээде PHd); кесиптик квалификациялар; кесиптик-техникалык квалификациялар. Төрт жылдык колледждер көп учурда профили боюнча да, даярдоо деңгээли боюнча да университеттерге окшош.