№ 82 орто мектепте «Билим кербенинин» алкагында иш-чара өттү

February 24, 2015, 06:00

21-февралда № 82 орто мектепте (“Ала-Тоо” турак-жай конушу) «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасынын» экинчи иш-чарасы өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана «Таалим-Форум» коомдук фондунун өкүлдөрү өткөрдү.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун өкүлдөрү мектеп окуучуларына Фонддун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» деген эко-долбоорун презентациялады.


«Таалим-Форум» коомдук фондунун өкүлдөрү 9- жана 10-класстардын окуучулары үчүн Бишкек шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө презентацияны сунуш кылды, ал экология темасына дискуссиялар менен коштолду, «Жагымдуу шаар» документалдык фильми көрсөтүлдү жана викторина өткөрүлдү. Викторинанын жыйынтыктары боюнча мектеп окуучулары «Таалим-Форум» коомдук фонду чыгарган китептерди: «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» популярдуу энциклопедиясын, ошондой эле өздөрүнүн кичүү бир туугандары үчүн таанып-билүүчү китептерди жана боелуучу китептерди алды.


Шаардын экологиялык көйгөйлөрүн талкуулоодо № 82 орто мектептин окуучуларынын зор жигердүүлүгүн белгилеп кетүү керек.


Иш-чарадан кийин балдар өз пикирлерин бөлүштү:


«Мага бул иш-чаралар абдан жакты, анткени бул жерден биз жаңы көп нерселерди билдик, ошондой эле өз пикирлерибизди жана көз караштарыбызды бөлүшө алдык» – Адинай Курманбекова, 10-класстын окуучусу.


«Мага бул эко-долбоор өтө жакты, себеби бүгүнкү күндө биз бактар күн өткөн сайын куурап баратканын көрүп жатабыз. Биз ата-энебиз менен бирге өз участогубузда өз жашылчаларыбызды жана жемиштерибизди өстүрүүгө аракет кылабыз. Менимче, бул жакшы жышаан» – Бекжан Сатиев, 9-класстын окуучусу.


«Биздин чоң ата жана чоң энелерибиз жашаган мезгилде полиэтилен пакеттер болгон эмес, аларда турмуш-тиричиликте колдонулган бардык буюмдар табигый заттардан жасалган. Ошондуктан алардын ден соолугу азыркы жаштардыкына караганда алда канча мыкты болгон. Эгерде ар бир адам ден соолукта болгусу келсе, ал өзүнөн жана айлана-чөйрөсүнөн баштоого тийиш» – Төлөгөн Муратбеков 9 “А” класстын окуучусу.


Эске сала кетсек, «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген жана Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта, экологиялык уюмдардын жигердүү катышуусу менен уюштурулган.

 

Төмөнкүлөр жөнүндө көбүрөөк билүү:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун эко-долбоору жөнүндө төмөнкүдөй телефондон билүүгө болот: 66-03-68, office@roza.kg, ошондой эле www.roza.kg сайтында

«Таалим-Форум» коомдук фондунун долбоорлору жөнүндө уюмдун: www.taalimforum.kg сайтында


«Жагымдуу шаар» фильмин ар бир адам көрө алат: