Улуттук консерваторияда уйгур музыкасынын концерти өттү

March 2, 2015, 06:00

Жаз алдында 28-февралда шаардыктар «Музыка – элдин дили» деген аталыштагы уйгур музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентацияга бара алды, деп билдиришти концертти уюштуруучулар.

 

«Концерттик программада уйгур музыкалык аспаптары жаңырды, 12 мукам – ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурас объекти, Аманисахан – падыша кызы жана музыка таануучу, чыны кармап бийлөө жана Кыргызстан уйгурларынын музыкасы, бийлери жана салттары жөнүндө көптөгөн башкалар», - деп айтылат билдирүүдө.

 

Концертти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Кыргыз Улуттук консерваториясы, Кыргызстан калкынын Ассамблеясы ПРООНдун колдоосу менен уюштургандыгы белгиленген.

 

Культура