Р.Отунбаеванын Фонду Кыргызстанда жеке балдар бакчаларын курууну стимулдаштыруу керек деп эсептейт

March 2, 2015, 06:00

2-мартта Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунда мектепке чейинки билим берүү маселеси көтөрүлдү.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаеванын айтымына караганда, статистика боюнча балдар бакчалары үчүн мамлекет бөлгөн каражаттардын ичинен бүткүл сумманын 58%ы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө эмес, имарат-жайларды оңдоого кетет.

 

«Конституцияда мектепке чейинки билим берүүнү колдоо жөнүндө мыйзам каралган эмес», - деп айтты ал.

 

Ошондой эле 850 миңден ашык бала үчүн мамлекеттик балдар бакчаларынын саны жетишсиз деп белгиленди. «Жеке балдар бакчаларын курууга салыктарды жана жер берүүнү жеңилдетүү керек, анткени мамлекеттик балдар бакчаларында мамлекет орундарды камсыз кылбайт», - деп кошумчалады ал.

 

CA-NEWS