Биринчи леди Р.Атамбаева репродуктивдүү ден соолук боюнча маалыматтык-билим берүү программаларын түзүүгө чакырды

March 2, 2015, 06:00

Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр менен иштеген акушер-гинекологдор жок, деп билдирди өлкөнүн биринчи ледиси Раиса Атамбаева 2-мартта Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунда.

 

Анын айтымына караганда, балдарга жана өспүрүмдөргө өтө этият мамиле кылуу керек. «ЖОЖдордон жалпы профилдеги гинекологдор чыгарылат, анда өркүндөтүү жок. Педагогдор катышкан биздин изилдөөнүн жүрүшүндө алар мектептерде репродуктивдүү ден соолук жөнүндө маектешүүлөрдү киргизүү зарыл экенин мойнуна алды. Алсак, 10-11-класстардын окуучулары бойдон алдыруунун зыяны жана анын кесепеттери жөнүндө билбейт. Жыныстык жол менен жугуучу оорулар жөнүндө билбейт. Бул чөйрөдө иштөө керек, мында кемчиликтер көп», – деп баса белгиледи Р.Атамбаева.

 

«Педагогдордун өздөрү 5-7-класстардан тартып жыныстык билим жөнүндө сабактарды баштоо керек деп белгилеп жатышат. Мисалы, мен өзүм барган өлкөлөрдө ушул маселелерди иликтейм. Алсак, Малайзияда жана Түркияда бул программалар 5-7-класстарда башталат. Иш-чаранын кийинки этабы билим берүү-маалыматтык программаларды түзүүдө турат. Бул маселелерди көтөрүү керек. Ооба, бир нече жыл керек, бирок биз аны сабакка киргизебиз», - деп айтты ал.

 

«Мен муну жеке өзүмдүн контролума алам», - деп билдирди Р.Атамбаева.

zdorovie.akipress