Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун биринчи күнү аяктады

March 2, 2015, 06:00

Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун биринчи күнү аягына келип жетти. 2-мартта Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумуна бүткүл Кыргызстандан 1200дөн ашык катышуучу келди. Эртеден кечке чейин борбор шаардын 4 ЖОЖунда жана Улуттук китепканада министрлердин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, активист аялдардын жана региондордон келген жетекчилердин, эл аралык уюмдардын катышуусу менен конференциялар удаалаш өттү.

 

Конференциялар төмөнкүдөй темалар боюнча өттү:

 

1. Саясий процесстерде аялдардын ролу жана катышуусу 

2. Жаңы көйгөйлөр жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү 

3. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: коргоонун натыйжалуу каражаттарына укук жана бейтарап сот 

4. Кыз-келиндердин ден соолугу 

5. Билимдүү аял – билимдүү мамлекет

 

Конференциялар аяктагандан кийин беш багыт боюнча сунуштар иштелип чыкты.

 

Форумдун экинчи күнү, 3-мартта (8.00дөн 17.00гө чейин) Т.Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармониянын имаратында эки толук мазмундуу сессия өтөт, аларда беш конференцияда айтылган бардык сунуштар, демилгелер, программалар жалпыланат. Иштелип чыгып жаткан Гендердик өнүктүрүү стратегиясы боюнча идеялар жана 2015-жылдан кийинки мезгилдеги мамлекеттин саясаты жарыя кылынат.

 

Түштөн кийин эң татыктуу аялдарды сыйлоо аземи пландаштырылууда. Андан соң «Сармерден» тобунун жана региондордон келген музыкалык топтордун катышуусу менен концерттик программа уюштурулат.

 

Форумдун ишинин жүрүшүндө Филармониянын имаратында, ошондой эле Улуттук китепканада архивдик материалдардын көргөзмөсү уюштурулат, флэшмобдор, жаңы китептерди презентациялоо, концерттик оюн-зооктор өтөт. Форумдун делегаттары үчүн «Курманжан датка» фильмин түзүүчүлөрдүн сыгып сөз сүйлөөсү менен фильм көрсөтүлөт. Филармониянын имаратынын алдында палатка шаарчасы жайгаштырылат, ал жерде өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан келген элдик уздар өз буюмдарын сатууга коет.

 

Катышуучуларды жана аккредитацияланган журналисттерди каттоо 8.00дө Филармониянын ортоңку кире беришинде башталат.