Бишкекте Австриянын биринчи айымы катышкан мугалимдер үчүн тренинг өтүүдө

March 15, 2013, 06:00

Бишкекте Австриянын биринчи айымы Маргит Фишердин катышуусу менен табигый-илимий дисциплинасынын мугалимдери үчүн семинар – тренинг өтүүдө. 


Иш-чарада Кыргызстандын биринчи айымы раиса Атамбаева, эл агартуучулар, илимий жана коомдук ишмерлер катышууда. 


Иш-чараны ачып жатып Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева М.Фишер Венадагы Илим борборун жетектейт экендигин кабарлады. . 


«Биз илимдни жылышына кандай аракеттерди кылуу жөнүндө сүйлөшөбүз. Биздин мамлекет кичинекей жана жаш.Биздин максат – бул модалуу болгон бизнес, финансы, юристпруденция өңдүү дисциплиналардан тышкары табигый илимдердин бар экендигине өзгөчө көңул буруу. Кыргызстан экономикадан жашылданат. Энергетика жана тоо-кең өнөржайы – биздин эки канатыбыз, а бирок канткенде биздин балдар инженер болууга умтулуушат? ” – деп айтты Роза Отунбаева. 


М.Фишер өзү жетектеген Австриядагы Илим борборунун тармагынын иштери жөнүндө айтып берди. Учурда тармактын 130 өнөктөштөрү бар – бул музейлер, компаниялар, билим жана илим мекемелери ж.б. Уюм илим жана билим алкагындагы тренингдерди өткөрүп келет.


АКИpress