Роза Отунбаеванын «Ханс Зайдель Фондунун» президенти Урсула Мэннле менен жолугушуусу болуп өттү

April 9, 2015, 06:00

Жакында, 2015-жылдын 8-апрелинде, саат 19.00дө Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын «Ханс Зайдель Фондунун» президенти Урсула Мэннле менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда өлкөнү өнүктүрүү маселелери жана эки фонддун кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

 

Маалымдама.

«Ханс Зайдель Фонду» 1967-жылы негизделген. Ал немецтик саясий фонд болуп саналат, ал өзүнүн максатын «Демократиянын, тынчтыктын жана өнүгүүнүн кызматында» деген девиз менен аныктайт жана өзүнүн саясий билим берүү ишмердигин өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүзөгө ашырат. Фонддун Бишкекте өзүнүн Борбордук-Азиялык өкүлчүлүгү бар. Профессор Урсула Мэннле (Ursula Männle) Бавариянын мурдагы мамлекеттик министри болуп саналат.