15-апрелде Экологиялык билим күнү белгиленет

April 15, 2015, 06:00

15-апрелде Экологиялык билим күнү белгиленет, аны дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө майрамдашат. Ал демейде ар бир өлкөдө улуттук жаратылышты коргоо уюмдарынын демилгеси боюнча белгиленет. Майрамдын тарыхы 1992-жылы башталган, ал учурда Рио-де-Жанейродо БУУнун Курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча конференциясы өткөн.


Экологиялык майрамдардын катарында бул күн өзгөчөлүү. Анын негизги милдети – экологиялык билимдерди алга илгерилетүү жана планетанын калкынын экологиялык маданиятын калыптандыруу, жаш муундарда жаратылышты жана анын ресурстарын урматтоо мамилесин тарбиялоо, экологиялык коопсуздук жагынан иштердин абалы жөнүндө коомчулукка маалымдоо.


Экологияга жана экологиялык билим берүүгө арналган үчүнчү Билим берүү фестивалынын алкагында, экологиялык маданиятты калыптандыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду видеороликтердин сериясын түздү.


Бүгүн биз силерге "Тарбиялоо үй-бүлөдөн башталат" деген видеороликти сунуш кылабыз.