КР экс-Президенти Р.Отунбаева ишсапар менен Нарын облусуна барды

April 17, 2015, 06:00

Нарын облусуна жумушчу ишсапардын алкагында КР экс-Президенти Роза Отунбаева 2015-жылдын 16-апрелинде Эмгекчил айылындагы мектепке барды, ал жерде мектеп тамак-ашын уюштуруу менен таанышты, ошол эле айылдагы балдар бакчасына барды, администрация жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин кампусунун курулуш аянтында болду.

 

Андан соң облустук мамлекеттик администрацияда Р.Отунбаеванын айыл башкарууларынын башчылары, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары, Ат-Башы жана Нарын райондорунун мектептеринин жана балдар бакчаларынын директорлору менен жолугушуу өткөрдү. Мындан тышкары, Р.Отунбаева жергиликтүү кеңештердин депутаттары, микро-кредиттик компаниялардын, аялдар кеңештеринин, ата-энелер комитеттеринин, ден соолук комитеттеринин, жайыт комитеттеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын, жайыттагы балдар бакчаларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда мектеп тамак-ашын уюштуруунун жана ылайыкташтыруунун, жай мезгилинде жайлоодо балдар бакчаларын ачуунун маселелери талкууланды, Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китеби презентацияланды, аны кыргыз тилине которууну жана басып чыгарууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жүзөгө ашырган, ал эми облустук китепканада «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында жолугушуу өттү.