«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Ачык дүйнө» лидерлик борбору менен кызматташтыгынын аркасында 2015-жылдан тартып катышуучулардын эки тобу АКШга барып келди

April 16, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Ачык дүйнө» лидерлик борбору менен кызматташтыгынын аркасында 2015-жылдын башынан тартып катышуучулардын эки тобу АКШга барып келди.

 

Биринчи топ, «Аял техникада жана илимде» темасы боюнча, февралда Түндүк Каролина шататынын Роли шаарында болду.

 

Сапардын максаты:

- илимде жана техникада иштеген аялдарды колдогон уюмдар менен таанышуу;

- АКШнын жогорку билим берүү системасы менен таанышуу;

- андан ары кызматташуу үчүн америкалык ЖОЖдор менен байланышты чыңдоо.

 

Төмөнкүлөр делегат болду: Анипа Усупкожоева - И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун директору; Мээрим Имаш кызы – «Манас» КТУнун табигый илимдер факультетинин деканынын орун басары; Мурат Джумашев – IT Attractor өкүлү; Жылдыз Артыкова – ОшМУнун Информатика кафедрасынын улук окутуучусу; Гульшан Эргешова – Ош технологиялык университетинин «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыз кылуу» кафедрасынын улук окутуучусу.

 

«Бизнес менторлук» программасы боюнча мартта Миссиссиппи штатынын Джэксон шаарына экинчи топ барды, делегациянын курамында төмөнкүлөр болду: Айдарбек Гыязов – Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя экономиканын жана укуктун технологиясы институтунун экономикалык сабак кафедрасынын башчысы; Сейил Нажимудинова – «Манас» КТУнун «Экономика жана башкаруу» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу; Султан Рахманов – Ош шаарындагы «Менеджмент боюнча консультанттар институту» КБнын аткаруучу директору; Чингиз Абдыкасымов - «Mozgami» дизайн-студиясынын тең негиздөөчүсү; Бегаим Тулегенова – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду.

 

Бул топтун сапарынын максаты – Миссисипи Колледжинин STEM Институтунун (Science, Technology, Engineering, Math) ишин изилдөө, медиа, бизнес-консультация, укук, маркетинг, финансы чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн жергиликтүү бизнесмендер менен жолугушуу, мындан тышкары, ресторан бизнесине жана гидропондук теплицаларга барышты.

 

Сапардын учурунда делегаттардын ар бири пайда алды жана өзүнүн андан аркы ишин өнүктүрүү үчүн тажрыйба алды. Мисалы, кыздарды техникалык адистиктерге тартуу үчүн катышуучулар программаны даярдады. Окутуучулар студенттер үйрөнүшү үчүн өз лекцияларында бизнес-кейстерди колдонот.

 

Программа жөнүндө: Ачык дүйнө – Лидерлик Борбору – постсоветтик өлкөлөр менен алыш-бериш жагынан америкалык натыйжалуу программалардын бири. Программа ишкерлик чөйрөсүндө жана жарандык сектордо иштеген өз тармактарындагы таланттуу адистерге жана лидерлерге АКШнын тиешелүү түзүмдөрүнүн, бизнестин жана НПОлордун өкүлдөрү менен пикир алышуу үчүн АКШда 10 күн өткөрүүгө, пландаштырылган формалдуу жолугушуулар аркылуу кесиптик экспертизаны бөлүшүүгө, узак мөөнөттүү кызматташтыкка жана АКШга он күнгө баруудан тышкары карым-катышты колдоого таламдаш болгон америкалык кесиптештер жана кабыл алуучу үй-бүлөлөр менен баарлашууга мүмкүндүк берет.