Роза Отунбаева Нарын жана Ысык-Көл облустарына барды

April 17, 2015, 06:00

Роза Отунбаева Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун басма сөз кызматы билдирет.

 

Алсак, 16-апрелде экс-президент Нарын облусунда болду. Ал жерде ал, биринчи кезекте, балдар жөнүндө сөз сүйлөдү, анткени туугандары жана чоң энелери менен жашаган балдар – Кыргызстан үчүн катардагы көрүнүш. Мындайлар Нарын облусунда да көп. Отунбаева нарындыктарды балдар менен көбүрөөк баарлашууга, аларды өөрчүтүүгө көбүрөөк аракет кылууга, билим берүүгө каражат жумшоого чакырды. Кыргыздар, экс-президенттин айтымы боюнча, балдарга көп көңүл бөлүүгө көнгөн эмес, алар кала берсе балдар маселесин этибарга албай коюшу да мүмкүн, бирок мында үйдөгү малды жакшы карап багат. Отунбаева дал балдар – элдин башкы байлыгы, анын келечеги деп эсептейт. Айтмакчы, мигранттардын көпчүлүгү жасап жүргөндөй, балдарды туугандарга калтыруу демейки көрүнүш болгону менен, ал да туура эмес. Дал наристелер тобокелдик зонасында, дал алар көп учурда үйдөгү зомбулуктан жапа чегет.

 

Ал эми 17-апрелде Роза Отунбаева Ысык-Көл облусуна барды. Ал жерде да балдар маселеси козголду. Бирок бул жолу экс-президент жайыттардын аймагында жайкы балдар бакчаларын уюштуруу жөнүндө кеп кылды. Ушундай түрдө балдарды мал багууга үйрөтүп, алардан келечектеги фермерлерди даярдоого болот. Отунбаеванын айтымы боюнча, бул пионер лагерлеринин заманбап альтернативасы. Анын үстүнө, деп баса белгиледи экс-президент, азыр мындай тажрыйба бар – өткөн жылы жайлоодо 35ке жакын ушундай мекеме иштеди. Быйылкы жылы алардын санын жүзгө чейин жеткирүү пландаштырылып жатат.

 

KGinform