Жумушчу ишсапардын жүрүшүндө КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Ысык-Көл облусунун активи менен жолугушуусу болуп өттү

April 17, 2015, 06:00

Бүгүн, 17-апрелде, КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын балдарды наристе курактан тартып өөрчүтүү, облустун балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жакшыртуу жана арттыруу маселелери боюнча Ысык-Көл облусунун активи, мектеп директорлору, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү НПОлордун лидерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Балдарды наристе курактан тартып өөрчүтүүнүн маанилүүлүгү, балдардын мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү, мектеп тамак-ашы менен камсыз кылуу, балдардын эс алуусун уюштуруу жагындагы маселелер талкууланды.

 

Быйылкы жылы Фонд балдарга ысык тамак берген мектептердин санын көбөйтүү жана жайлоодогу балдар бакчаларынын санын көбөйтүү боюнча ишти улантмакчы. Бул долбоорлор чогулгандарга сунуш кылынды. 2015-жылы Ысык-Көл облусунун жайыт комитеттери жайлоолордо балдар бакчаларын ачууну колдоду. Эң активдүү жайыт комитеттеринин жетекчилерине ыраазычылык билдирүү каттары тапшырылды.

 

Удаалаш эле Фонддун кызматкери Асылбек Жоодонбеков Масару Ибуканын кыргыз тилиндеги «Үч жаштан кийин кеч» китебин педагогдорго жана ата-энелерге сунуш кылды.

 

Ошондой эле облустук мамлекеттик администрациянын кичи залында балдарды наристе курактан тартып өөрчүтүүнүн маанилүүлүгү, алардын ден соолугу, мектепке чейинки билим берүү жагындагы маселелер жөнүндө аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, лидер аялдар менен жолугушуу болуп өттү.

 

Андан соң Р. Отунбаева Маман айылында Ж.Ашубаев атындагы орто мектепке барды, ал жерде жакшыртылган мектеп тамак-ашын уюштуруу боюнча мектептин тажрыйбасы менен таанышты жана Ак-Суу аймактык ооруканасына барды.

 

Облустук китепканада «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү, ал жерде Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Раимжан Курбанов балдарга жомок окуп берди. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» иш-чаралары балдарды китеп окууга кызыктырат, алардын таанып-билүүсүн арттырат, талдоо жүргүзүү жөндөмдөрүн каныктырат, фантазиясын жана ой-жүгүртүүсүн өнүктүрөт.