2012-ЖЫЛ: Мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү

January 18, 2022, 22:17

Мектепке чейинки билим берүүгө акцент жасоо менен билим берүүнү өнүктүрүүнү колдоо 2012-жылы Фонддун маанилүү демилгелеринин бири болуп саналган. 2012-жылы өлкөдө балдардын – 13%ы гана, айыл жеринде болгону 5%ы мектепке чейинки мекемелерге барган.

 

Негизги максат мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү болбогон 6 жаштагы балдарды мектепте окутууга милдеттүү жылдык даярдоо программасын алга илгерилетүү болуп калды.

 

Мындан тышкары, Фонд билимдерди жайылтуу жана эрте окутуунун маанилүүлүгүн түшүнүү, өлкөнүн ичинде тажрыйба алмашуу, тарбиячыларды жана окутуучуларды окутуу боюнча ишти жүргүздү.

 

Мектепке чейинки мекемелерге барбаган алты жашка чейинки балдарды мектепке чейинки даярдоонун маанилүүлүгү жөнүндө жарандардын жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн маалымдар болушун арттыруу максатында КР экс-президенти Р.И. Отунбаева башында турган Фонддун командасы Нарын, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Чүй областтарынын айылдарында; Нарын, Талас, Баткен, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол шаарларында, Бишкекте жана борбор шаардын турак жай конуштарында жолугушууларды өткөрдү. Визиттердин жүрүшүндө жеткиликтүү жана сапаттуу мектепке чейинки билим берүү маселелерин мектепке чейинки билим берүү программаларын кеңейтүү боюнча альтернативдүү чечимдерди өнүктүрүү жана издөө боюнча жергиликтүү пландарга киргизүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

 

Долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү маселелерин кеңири талкуулоо, «Билим кербени» циклинин алкагында мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча жергиликтүү жамааттар менен семинарлар жана кеңейтилген консультациялар өткөрүлдү. Фонддун эксперттери Кыргызстандын жети областынын коомчулуктарынын 1730 өкүлү жана жергиликтүү бийликтери менен жолугушууларды өткөрдү. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктары талданды.

 

Мектепке чейинки билим берүү жана алты жашка чейинки балдарды мектеп алдында даярдоо жагынан чечим кабыл алуучу адамдардын потенциалын арттыруу максатында КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын КР БжИМдин, КР ФМнын адистери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин колдоосу менен 2012-жылдын 23-ноябрында КР ЖКнын жыйналыш залында «Ар бир балага – жеткиликтүү жана сапаттуу билим!» парламенттик угуулары өттү, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, билим берүү кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү – бардыгы болуп 200дөн ашык адам катышты. Парламенттик угуунун натыйжалары боюнча чечим кабыл алынды, ал Парламенттин комитеттерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлдү.

 

Бүтүндөй алганда чечим мектепке чейинки даярдоонун жылдык программасын ишке ашыруу механизмин (480 саат) киргизүүгө багытталган.

 

 

Негизги натыйжалар:


·         Жыйынды талдоо отчетунун бөлүмүндө методикалык ыкмаларды сүрөттөө жана эсептерди негиздөө менен 480 сааттык программа боюнча балдарды мектепке чейинки даярдоого чыгымдардын эсептери жүргүзүлдү. Ошондой эле 480 сааттык программаны киргизүү үчүн эсептерди ар түрдүү варианттары жасалды, алар КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана КР Финансы министрлигинин расмий адамдары менен макулдашылды.

·         «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Өкмөт «2014-2015-жылдарга республикалык бюджеттин болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып алты жаш курактагы балдарды мектепке 100% даярдоонун милдеттүү жылдык (480 саат) программасын ишке ашыруу үчүн финансылоону өзүнчө сапта кароого милдеттенмени өзүнө алды.

 

Түздөн-түз натыйжалар:


·         Кыргыз Республикасынын Парламенти жана Өкмөтү мектепке даярдыктын жылдык программасынын калькуляциясынын натыйжалары менен камсыз кылынган.

·         Мектепке даярдыктын жылдык программасы боюнча сунуштамалар парламенттик угууда Парламенттин билим берүү жана бюджет боюнча комитеттери тарабынан даярдык менен кабыл алынды.

·         Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбаган 6 жаш курактагы балдар биринчи класска кирип жатканда бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөр үчүн окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот;

·         Мектепке чейинки (мамлекеттик жана муниципалдык) окутуу мекемелери мурда мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдар үчүн мектепке 3 сааттык даярдоо топтору үчүн шарттарды түзүүгө багытталган;

·         Баткен областында жамааттык балдар бакчаларын түзүү тажрыйбасы боюнча ЮНИСЕФ менен киришүү визити өткөрүлдү;

·         Жергиликтүү коомдоштуктар жеткиликтүү жана сапаттуу мектепке чейинки билим берүү маселелерин мектепке чейинки билим берүү программаларын кеңейтүү боюнча альтернативдүү чечимдерди өнүктүрүү жана издөө боюнча жергиликтүү пландарга киргизүүнүн маанилүүлүгүнө багыт алды;

·         Мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө жарандардын жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн маалымдар болуусу артты;

·         «2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында» 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоого баланын укугу бекемделген. Бул билим берүү стратегиясы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калды.

·         2015-жылы Билим берүү жана илим министрлиги балдарды мектепке даярдоонун «Наристе» программасын (480 саат) иштеп чыкты жана бекитти жана 2016-жылы эле Бишкекте гана мектепке чейинки даярдоонун «Наристе» программасы боюнча 3053 класс ачылды.