2012-ЖЫЛ: «DiscoverAsia» демилгеси

January 23, 2022, 22:19

Фонддун 2012-жыл башталган демилгелеринин бири Кыргызстанды өнүктүрүү максатында дискуссиялар, пикирлерди түзүү, ошондой эле бардык прогрессивдүү күчтөрдү баш коштуруу үчүн коммуникациялык мейкиндиктерди түзүү болуп калды.



«DiscoverAsia» – бул бизнес мүмкүнчүлүктөр, маданият жана салттар жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандагы максаттуу аудиториялар үчүн уюштурулган чогулуштар жана иш-чаралар аркылуу Азия өлкөлөрүнүн экономикалык ийгиликтери жөнүндө билимдерди жогорулатуу үчүн ушундай демилгелердин бири. Бул туруктуу (ар айдагы) иш-чаралар чет өлкөлүк элчиликтер, бизнесмендер, эксперттер жана тигил же бул иш-чаранын фокусу болуп саналган өлкөлөрдүн саясатты иштеп чыгуучулары менен бирге уюштурулган болчу.



2012-жылдын ичинде «Азияны ачуу» демилгесинин алкагында жогорку деңгээлдеги төмөнкүдөй алты иш-чара өткөрүлдү:


  • Бангладеште микро-финансылык секторду өнүктүрүү;
  • Кытайдагы экономикалык көргөзмөлөрдүн презентациясы;
  • Индиядагы билим берүү инновациялары жөнүндө;
  • Япон экономикасынын ийгилигинин факторлору жана Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр;
  • Малайзиянын мурдагы премьер-министри Тун Др. Махатхир бин Мухаммад мырзанын «Глобалдашуу: Алга карай жол» презентациясы;
  • Түштүк Кореянын экономикалык өнүгүшүнө жашыл өсүштүн принциптерин киргизүү боюнча презентация.