Нарын шаарында калктын гендердик жана социалдык муктаждыктарын баалоо боюнча тренинг башталды

August 16, 2022, 09:03
2022-жылдын 15-августунда Нарын шаарында Социалдык Экономикалык Өнүгүү Программасын иштеп чыгууда калктын гендердик жана социалдык муктаждыктарын баалоо темасында тренинг башталды.

Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду ишке ашырып келген “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында Нарын облусунун Ат-башы районунун Казыбек айыл өкмөтү жана Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жана Нарын районундагы Миң Булак айыл өкмөтү жана Учкун айыл өкмөтүнүн активисттери жана айыл аймак башчылары үчүн өтүп жатат.

Тренингдин максаты-Гендердик теңчилик жөнүндө билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу аркылуу, социалдык тоскоолдуктарды аныктоого жардам берүү. Тренер Байназаров И.Б. катышуучуларга кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды камтуу менен, жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүп,үй-бүлөлүк руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу жолдорун үйрөтөт.

Ошондой эле улуттук баалулуктарга негизделген балдарды тарбиялоодо эне менен атанын жоопкерчиликтер жана мүмкүнчүлүктөр, кемчиликтер жөнүндө баарлашууу болот.

“АтаМЕНен” долбоору балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү, аталардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана үй бүлөдөгү, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу максатында иш алып барат.

Долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.