Роза Отунбаева: "Чын дилден айтылган куттуктоолор үчүн ыракмат"

August 25, 2022, 06:19

Кымбаттуу достор!

 

Менин дарегиме келип түшкөн куттуктоолоруңар жана чын дилден айтылган тилектериңер үчүн Сиздерге жан дилимден ыраазычылык билдирем. Ар бир сөздө, ар бир сүйлөмдө камтылган жакшы ниет зор канааттанууну алып келет.

 

Менин айланамда ушунчалык жаркын жана ак ниеттүү адамдар турганы, алар ушул туулган күнүмдү чын дили менен бөлүшүп жатканы үчүн тагдырыма өтө ыраазымын. Көңүл бурганыңар жана мээримиңер үчүн Сиздерге ыракмат. Өз кезегинде Сиздерге чексиз, бейпил бакты-таалай жана чың ден соолук каалайм! Силердин жүрөгүңөрдө жана үй-бүлөңөрдө бейпилдик жана бакубаттуулук болсун! Баарыбыздын ой-тилектерибиз аткарыла берсин!

 

 

Дайыма Сиздер менен,

Роза Отунбаева