Эгемендик күнүңөр менен, достор!

August 30, 2022, 18:46

Жыл сайын 31-августта биз өлкөбүздүн башкы майрамын – Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүн белгилейбиз.


1991-жылы ушул күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин кезексиз сессиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация» тууралуу токтом кабыл алган. Ушул тарыхый актыга ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты жактай тургандыгы, мурда өзүнө кабыл алган милдеттенмелерди кыйшаюусуз сактаары жөнүндө билдирген.

 

Азыркы Кыргызстандын көз карандысыздыгы – бул улуттук биримдиктин жана өлкөбүздүн келечеги үчүн биздин жалпы жоопкерчилигибиздин символу. Зор жана чакан иштердеги, алдыбызда турган глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү жана күндөлүк милдеттерди чечүүдөгү биримдик.

 

Ушул майрам жыл өткөн сайын биздин келечегибизде бизге улам көп ишеним берип жана ар бирибизге шыктанууну кошо берсин.

 

 

Кымбаттуу достор!


Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен чын дилибизден куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар!

 

Кыргызстандын асманы дайыма ачык, тынч болсун жана эркиндиктин, көз карандысыздыктын, теңдиктин жана бакыттын нурларына бөлөнө берсин! Прогресс жана гүлдөп өнүгүү өлкөбүздү ары кубаттуу, ары кооз, ары ынтымактуу кылсын!

Кыргызстан өзүнүн ар бир жараны үчүн бакытка толгон, ишенимдүү үй болсун!

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
уюштуруучусу жана жамааты