Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу үчүн ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу

February 10, 2024, 05:53

7-февралда Токмок шаарынын жаңыдан түзүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитети (ҮЗАК) үчүн аяктоочу тренинг-семинар өттү.

 

Семинарда катышуучулар «Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын укуктары. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү. Үй-бүлөлүк зомбулуктун психологиялык кесепеттери», «Үй-бүлөлүк зомбулукка карата аракет кылуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү. ҮЗАКтын шашылыш жана пландуу жыйналыштарын өткөрүүнүн форматы» деген темаларды карады. Семинардын аягында катышуучулар өтүлгөн бардык темалар боюнча пост-тестти толтурду.

 

Үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктун курмандыктары болуп калган чоң кишилерге жана балдарга көңүлкош болбоо жана аларга жардам көрсөтө билүү, ар кандай иш-чаралар жана аракеттер аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга өз салымын кошуу – ҮЗАКтын – коомдук комитеттин мүчөлөрүнүн милдети, ага милициянын кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, педагогдор, юристтер, активисттер, медиктер мүчө боло алат.

 

Үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктун эң резонанстуу учурлары көрсөтүп тургандай, үй-бүлө жашап жаткан коомдун же коомдоштуктун тилектештиги жана колдоосу ар бир аялдын, баланын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Биз Токмок шаарынын ҮЗАКы өз ишине бүткүл жоопкерчилик менен киришет жана өз шаарынын коопсуз турмушун түзүүгө өз салымын кошот деп үмүттөнөбүз.

 

«Чүй областында үй-бүлөлүк гендердик зомбулукту төмөндөтүү үчүн активисттердин жана ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу» долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан финансыланат.