КР билим берүү жана илим министринин орун басарынын катышуусу менен мектеп директорлору үчүн маалыматтык сессия

February 13, 2024, 06:36

2024-жылдын 9-февралында ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында долбоордун пилоттук мектептеринин директорлору үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду уюштурган маалыматтык сессия өттү.

 

Жолугушуу Zoom платформасында онлайн форматта өткөрүлдү жана Илимдеги кыз-келиндердин эл аралык күнүнө туш келтирилди.

 

Иш-чаранын спикери, КР билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Кыргызстандын билим берүүсүн санариптештирүү жагынан жүргүзүлүп жана пландаштырылып жаткан иштин маанилүү майдабараттары менен бөлүштү.

 

Лира Аманбаевна санариптештирүү бюрократтыкты кыскартууга көмөктөшөт жана билим берүү мекемелеринин ортосунда маалымат алмашууну жөнөкөйлөтөт деп баса белгиледи. Ал ошондой эле мектеп директорлоруна мектептерди өнүктүрүү пландарына мугалимдерди санариптик жөндөмдөргө милдеттүү окутууну киргизүүнү сунуш кылды.

 

Эске сала кетели, «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ билим берүү мекемелеринде ишти пландаштырууну жакшыртуу боюнча ишти жүргүзүп жатат. Биз пилоттук жалпы билим берүүчү, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки уюмдарга социалдык, гендердик жактан сезимтал педагогиканы жана STEM-компонентти активдүү киргизип жатабыз.

 

Маалыматтык сессияга катышкандыгы жана сөз сүйлөгөндүгү үчүн КР билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаевага чын дилибизден ыраазычылык билдиргибиз келет.