Бишкекте ЕБ – БАнын Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн/кичи элчилеринин бешинчи жолугушуусу өттү

February 15, 2024, 07:56

Бишкекте 14-февралда Европа Бирилигинин жана Борбордук Азия мамлекеттеринин Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана кичи элчилеринин Бешинчи жолугушуусу өттү.

 

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга ошондой эле БУУнун Башкы Катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышты.


Катышуучулар Дохадагы экинчи эл аралык жолугушуунун алдында Афганистандагы учурдагы окуяларды жана процессти БУУнун жетекчилиги астында талкуулады. Ошондой эле БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кабулда жайгашкан дипломатиялык миссиялары менен онлайн-пикир алмашуу болуп өттү.