«Санарип 50+» долбоорунун алкагында Ош жана Жалал-Абад областтарында ресурстук борборлор ачылды

March 1, 2024, 10:44

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Санарип 50+» долбоорунун алкагында «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАКтын финансылык колдоосу менен 28 жана 29-февралда Ош жана Жалал-Абад областтарында областтык методикалык борборлордун базасында билим берүү ресурстук борборлорунун ачылышын өткөрдү.

 

2024-жылдын 28-февралында «Санарип 50+» долбоорунун алкагында Ош шаарында Ош билим берүү институтунун базасында Билим берүү ресурстук борборунун ачылышы болуп өттү.

 

Долбоордун алкагында зарыл жабдууларды берүү жана санариптик сабаттуулук боюнча окутуучу тренингдерди өткөрүү аркылуу ресурстук борборлорду ачуу же алардын толук баалуу иштеши үчүн Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас областтарынын областтык методикалык борборлоруна көмөк көрсөтүлөт.

 

Долбоордун негизги максаты – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча билимдерди алуу жеткиликтүү болгон борборлорду түзүү; МКТ, квалификацияны жогорулатуу жана башкалар боюнча окутуучу тренингдерди өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

 

Ошто ресурстук борбордун ачылышына төмөнкүлөр катышты: Ош билим берүү институтунун директору, Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банктын өкүлү – КИКБнын Ош шаарындагы филиалынын башкаруучусу Талантбек Авазбеков жана Фонддун өкүлү Оторов Бекжан, ошондой эле институттун кызматкерлери жана Ош областынын райондорунан келген окутуучулар. Борбордун ачылышынын учурунда Ош билим берүү институтунун директору Турдубаева Гульмира Маанаевна көптөгөн жылдар аралыгында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ билим берүү чөйрөсүнө зор салым кошуп жатат деп белгиледи жана институттун базасында ресурстук борборду ачууга көмөктөшкөндүгү үчүн Фонд менен KICB’га ыраазычылык билдирип, аны менен бирге андан аркы кызматташууга ниеттенгенин айтты.

 

29-февралда Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад областтык методикалык борборунун (ОМБ) базасында ресурстук борбордун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлү Бекжан Оторов, Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банктын өкүлү – КИКБнын Жалал-Абад шаарындагы филиалынын башкаруучусу Курсантбек Атабеков, ОМБнын жетекчиси Токтосунов Акылбек Адешович башында турган Жалал-Абад методикалык борборунун кызматкерлери, ошондой эле Жалал-Абад областынын райондорунун мектептеринин жана ЖОЖдордун окутуучулары катышты.

 

Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ресурстук борборлорун ачуунун салтанаттуу бөлүгү өткөрүлгөндөн кийин иш-чаранын катышуучуларына санариптик сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү. Катышуучулардын көпчүлүгү ушундай тренингдерди республикалык деңгээлде өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө билдирди.

 

Фонд Кыргызстандын региондорунда билим берүүнүн жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАКка ыраазычылык билдирет.