Ивановка айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитети үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү

March 7, 2024, 00:11

5-мартта Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитети үчүн экинчи семинар өткөрүлдү. Машыктыруучу катышуучулар менен жергиликтүү комитеттин максаттары жана милдеттери жөнүндө темаларды талдады. Катышуучулар чакан топтордо иштеди жана Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө Мыйзамга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин функциялары жана ыйгарым укуктары – үй-бүлөлүк зомбулук учурунда ар бир субъекттин өкүлү эмне кылууга тийиш экендиги менен таанышты. Мисалы, социалдык кызматкерлердин функцияларына үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды кризистик борборлорго жайгаштыруу милдети кирет. Ошондуктан ар бир жергиликтүү комитет кризистик борборлор менен кызматташтык жөнүндө меморандум түзө алат, ал эми социалдык кызматкерлерде кризистик борборлордун байланыш маалыматтары болууга тийиш. Машыктыруучу буларды айтты: мисалы, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамды медициналык текшерүүнү тариздөө өтө маанилүү документ болуп саналат, ал үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын пайдасына соттун чечимине сөзсүз таасир этет.

 

Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар менен иштөө жагынан өз тажрыйбаларын активдүү бөлүштү, көйгөйлүү учурларды айтып беришти. Мисалы, ички иштер органдарынын кызматкерлери – участкалык милиционерлер алкоголго мас болгон адамдарды 10 суткага кармоону кайра кайтарууну колдойт, анткени турмушта адам алкоголдук мас абалда турган учурда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары өтө көп болот. Кварталдык комитеттердин төрагалары жана Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аял ата-энеси тарабынан кабыл алынбагандыгы жана агрессор күйөөсүнө кайра кайтып келүүгө аргасыз болгон кырдаалдар жөнүндө айтып берди. Ошондуктан аял кесипке ээ болушу жана күйөөсүнө жана башка туугандарына финансылык жактан көз каранды болбошу үчүн иш таба алышы өтө маанилүү.

 

Ивановка айыл өкмөтүндө кийинки семинар 12-мартта өтөт.

 

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы комитеттер үчүн семинарлар «Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу жана алдын алуу үчүн Чүй областынын ҮЗАК мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу» долбоорунун алкагында АКШнын КРдагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен өтүп жатат.