"Окуу керемет" долбоорунун алкагында китептердин сериясы басып чыгарылды

March 30, 2024, 21:16

Кесиптешибиз, билим берүү боюнча программанын координатору Асель Джакыпбекованы "Окуу керемет" долбоорунун алкагында ал өзү жазган китептерди ийгиликтүү басып чыгарышы менен чын дилибизден куттуктайбыз.

 

"Драгоценная профессия", "Забастовка", "Очень нужные проценты" жана "Великая китайская стена" китептери балдарга маанилүү жана кызыктуу аспекттер: зергердин кесиби, зыяндуу тамактын организмге таасири, жөнөкөй сөздөр менен математика жана улуу архитектуралык эстелик – Улуу кытай дубалы жөнүндө айтып берет.

 

Аселди китептерди ийгиликтүү чыгарышы менен куттуктайбы жана андан аркы шыктанууну, ишинде ийгиликтерди жана көөнөрбөс күч-кубатты каалайбыз.

 

"Окуу Керемет" долбоору КР Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасынын 1686 мектебинде ишке ашырылып жатат.

 

USAID’дин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын 300 000 окуучусунун арасында китеп окууга жана математикага үйрөтүүнүн натыйжаларын жакшыртууга багытталган.