«Татыктуу Жашоо/Жизнь в Достоинстве» долбоорунун алкагында Ивановка айылында жабдууларды жана башка продукцияны расмий тапшыруу болуп өтөт

April 8, 2024, 10:32

8-апрель, 2014-жыл, Бишкек. 2024-жылдын 9-апрелинде Ивановка айылында «Татыктуу жашоо» долбоорунун бенефициарларына өз бизнес-пландарын ишке ашыруу үчүн жабдууларды жана материалдарды алууга сертификаттарды расмий тапшыруу болуп өтөт.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) «International Alert» өнөктөш уюму менен бирдикте Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл аймагында «Татыктуу жашоо» долбоорун ишке ашырып жатат, аны Улуу Британиянын Өкмөтү финансылоодо. Долбоор гендердик стереотиптерден жана кодулоодон арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлинде гендердик зомбулукту азайтууга багытталган.

 

Бул долбоордун алкагында алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлгөн. Үй-бүлөлөрдө шайкеш мамилелерди калыптандырууга көмөктөшүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн улуу муундагы (кайын ата, кайын эне) жана кенже муундагы (уул, келин) үй-бүлө мүчөлөрү менен иш жүргүзүлдү. Ошондой эле бизнес-идеяларды түзүү боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлдү жана аларды ишке ашыруу үчүн гранттар берилди.

 

Тренингдер программасы төмөнкүдөй эки бөлүктөн турган:

1) Биринчи бөлүк үй-бүлөлөрдө шайкеш мамилелерди алга илгерилетүүгө жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

2) Экинчи бөлүк киреше алып келүүчү иш (КАИ) аркылуу үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү (ЭМК) үчүн шарттарды түзүүгө арналган.

 

Долбоордун негизги максаты жүрүм-турумду өзгөртүүнүн жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн эсебинен гендердик стереотиптерден жана кодулоодон арылууга көмөктөшүүдө, үй-бүлөлөрдө гендердик зомбулукту төмөндөтүүдө турат. Долбоордун жүрүшүндө долбоордун бенефициарлары киреше алып келүүчү иш боюнча 15 бизнес-планды иштеп чыкты. Өз кезегинде бул долбоорлор комиссиянын жыйналышында бекитилди. Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамына мамлекеттик органдардын, Интернешнл Алерттин жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлдөрү кирди.

 

«Татыктуу жашоо» долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү ишке ашырылды жана долбоордун бенефициарларына алардын бизнес-долбоорлору үчүн зарыл материалдарды жана шаймандарды сатып алуу түрүндө акысыз колдоо көрсөтүлөт.

 

Түзүлгөн бизнес-пландардын жыйынтыктары боюнча:

7 үй-бүлө кийим тигүү ишин баштайт;

5 үй-бүлө кызылча өстүрүү менен алектенет;

1 үй-бүлө чач тарачты ачат;

1 үй-бүлө тез тамактануу (Fast Food) жайын  ачууну тандады;

1 үй-бүлө тоок багууну тандады.

 

Бул бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп гана тим болбостон, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун экономикалык абалын чыңдоого көмөктөшөт.

 

2024-жылдын 9-апрелиндеги иш-чарада долбоордун бенефициарларына тигүү машинкалары, тез тамактануу жайы жана чач тарач үчүн жабдуулар жана бизнес-пландарды ишке ашыруу үчүн башка зарыл продукция тапшырылат.

 

Иш-чарага Улуу Британиянын Элчилигинин, «Интернешнл Алерт» өнөктөш уюмунун, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

 

Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл аймагында долбоордун экинчи этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Экинчи этап экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүнүн фактору катары күн көрүүгө каражаттарды кеңейтүүгө багытталган.

 

ЖМК үчүн байланыш: Сезим Токтобек кызы, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын коомчулук менен байланыш бөлүмү +996508088059

 


Бул долбоор эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында айтылган пикирлер Улуу Британиянын Өкмөтүнүн расмий көз карашын сөзсүз эле чагылдыра бербейт.