"Татыктуу жашоо" долбоорунун алкагында Ташкентте эки күндүк конференция башталды

April 18, 2024, 06:00

Бүгүн, 2024-жылдын 18-апрелинде, Ташкентте "Татыктуу жашоо" долбоорунун өнөктөш уюмдары үчүн эки күндүк конференция старт алды. Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, "ДИА" коомдук фондунун, Тажикстандан "Дунёи Сабз" жана "Пешсафа" коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн чогултту.

 

"Татыктуу жашоо" долбоору гендердик стереотиптерден жана кодулоодон арылууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн жүрүм-турумун өзгөртүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу үй-бүлөлөрдө гендердик зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

 

Конференцияда "Татыктуу жашоо" долбоорун өткөн жылда ишке ашыруунун жыйынтыктары талкууланат. Катышып жаткан уюмдардын өкүлдөрү өз ишинин натыйжалары менен бөлүшөт, өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктарын чыгарат жана долбоордун максаттарына жетишүүгө алардын таасирин баалайт. Конференциянын алкагында ошондой эле кийинки жылга келечектерди жана милдеттерди талкуулоо пландаштырылууда. Катышуучулар иштин артыкчылыктарын жана багыттарын аныктайт, долбоорду жана анын максаттарын андан ары алга илгерилетүү үчүн стратегияларды иштеп чыгат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) «International Alert» уюму менен бирдикте Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында "Татыктуу жашоо" долбоорун ишке ашырат.


Бул долбоор эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында айтылган пикирлер Улуу Британиянын Өкмөтүнүн расмий көз карашын сөзсүз эле чагылдыра бербейт.