Экс-президент Р.Отунбаева ЖАМУнун ардактуу профессору болуп калды

February 15, 2014, 06:00

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 10-февралда экс-президент Роза Отунбаеванын ушул ЖОЖдун жамааты менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууда ЖАМУнун ректору А.Абдрашев Р.Отунбаеванын билим берүү чөйрөсүндөгү салымын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жетекчиси катары ал жүргүзүп жаткан ишти белгиледи.

 

Анын айтымы боюнча, ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими менен Р.Отунбаевага «ЖАМУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

 

А.Абдрашев экс-президентке ардактуу профессор наамынын күбөлүгүн тапшырды жана келечек үчүн жаш муунду даярдоодо республиканын потенциалын жогорулатууда ага ийгиликтерди каалады.