«Бундестагдын мисалында парламенттин ишиндеги изилдөө кызматынын ролу» темасында тегерек стол өттү

May 17, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жаңы долбоорунун алкагында 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде «Бундестагдын мисалында парламенттин ишиндеги изилдөө кызматынын ролу» темасында тегерек стол өттү. Анын ишине эл аралык баяндамачы катары: Германия Бундестагынын ХДС/ХСС фракциясынын тышкы саясий маселелер боюнча спикеринин кызматынын жетекчиси Карстен Хармс жана Германия Бундестагынын ХДС/ХСС фракциясынын тышкы саясий маселелер жана коопсуздук маселелери боюнча жетектөөчү илимий кызматкери Кристиан Форнек катышты, алар парламенттин илимий-изилдөө кызматын уюштуруу жагынан катышуучулар менен тажрыйба бөлүштү.


Тегерек столду «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко ачты: «Кыргызстан парламентаризм жагынан алгачкы кадамдарды жасап жатканын бүгүнкү күндө бардыгыбыз билебиз. Соңку учурда жарандык коомубуз күчтүү жана активдүү болуп калганын, сынчы жана талдоочу катары улам көбүрөөк чыгып жатканын көрүп турабыз. Ошондой эле бешинчи шайланган Жогорку Кеңештин өзгөчө ролун баса белгилеп кетким келет. Биздин ишке ар кандай мамиле кылууга болот, бирок Жогорку Кеңештин иши бүтүндөй алганда өзгөрүп, өнүгүү стратегиясы алмашканын белгилеп кетүү керек. Буга ушул жерде иштеп жаткан адамдар түздөн-түз таасир этти». Ал ошондой эле жакында Жогорку Кеңеште илимий-изилдөө борбору ачылганын белгиледи. Келечекте анын потенциалын арттыруу жана ишин бекемдөө зарыл.