Экс-президент Р.Отунбаева: Оюнчук – жөн гана азем буюм эмес, ал балдарда адамдык сапаттарды өнүктүрөт

March 1, 2014, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева эмне үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсүн ачканын айтып берди.

 

«Биз өтө катаал реалдуулук учурунда жашап жана иштеп жатабыз, ал тургай кээде балдарга көңүл бурганга да убактыбыз жок. Деген менен алар бейпилдикте, мээримдүү жагдайда жашагысы келет жана өздөрүнө тиешелүү мамилени талап кылат. Кыргызстан – өтө жаш өлкө, 8 жашка чейинки 800 миң бала бар. Алар бейпилдикте жана мээримдүү жагдайда жашоого тийиш жана балдарыбызды кекиртектен алып жаткан катаалдык менен кедейликти гана көрүп олтурууга тийиш эмес», - деди ал.

 

Ал ушул көргөзмө дал ушундай максат менен – адамдарга жакшылыкты көрсөтүү үчүн ачылды деп белгиледи.

 

«Адамдар оюнчуктарды коллекциялайт. Бул өзүнчө түрдөгү салт, тилекке каршы, биздики эмес. Бул көргөзмөдө жогорку баалуулуктагы, коллекциялык куурчактар коюлду, жөн эле эстелик болчу куурчактар да бар. Коллекционерлердин арасында Татьяна Воротникова, Людмила Мартыненко сыяктуу белгилүү дизайнерлер бар. Ошондой эле Эрке Джумагулова, анын кийизден жасалган куурчактары азыр бүткүл дүйнө боюнча – Кыргызстандын бренди. Мисалы, менин да мага тартуу кылынган оюнчугум бар. Мен аны 20 жыл бою жанымдан чыгарбай, кыргыз оюнчугу катары жөн гана көрсөтүп жүрдүм, азыр болсо аны мага тартуулаган адам көрүп ыйлап жиберди. Ал ушул оюнчукту бир кезде анын чоң энеси жасаганын айтты. Көрдүңөрбү, оюнчуктар кандай эскерүүлөрдү жана сезимдерди ойготот. Оюнчук – бул жөн гана кандайдыр-бир азем буюм эмес, ал балдарда адамдык сапаттарды, эненин жана атанын функцияларын жана башка функциялар менен сапаттарды өнүктүрөт. Балдар оюнчуктарды өмүр бою алып жүрөт, алардын айрымдары өзүнчө төрдөгү тумарга айланат, бул адамдын эсинен кетпеген нерсе», -деп баса белгиледи Р.Отунбаева.

 

Экс-президент Кыргызстанда балдардын 15%ы гана балдар бакчаларына барат, калгандарынын бардыгы үйүндө жүрөт деп билдирди. «Алар, тилекке каршы, жетиштүү сандагы оюнчукту албайт. Анын үстүнө бизде европалык же орус маданиятындагыдай балдарга оюнчуктарды сатып берүү салты да жок. Силердин ата-энелериңердин муунунда дегеле оюнчук болгон эмес, соңку учурда гана оюнчуктарды сатып ала башташты. Бирок азыр да сейрек сатып алышат жана балдардын оюнчуктары жок», - деп айтты ал.

 

«Балдар жана ата-энелер үчүн музейге келүү жана бул куурчактарды көрүү – бул жашоонун ушундай белеги. Куурчак ал кайсы эл тарабынан, эмнеден жасалганы жөнүндө көптөгөн маалыматтарды берет, анткени аны жандуудай – кирпиктерин, тырмактарын жандуу кылып жасоо бул өзүнчө эле барып турган чеберчилик. Эң башкысы – биз музей бардык адамдарды кандайдыр-бир кызыктуу таанып-билүүлөрү жана ачылыштары менен тартып турган жер болуп калса дейбиз. Анткени адамдар музейге келгенде, аларда жакшы сезимдер ойгонот, жаңы доорлор ачылат», - деди ал.

 

Р.Отунбаева буларды кошумчалады: бул көргөзмөнү ар бир облуска алып баруу жана куурчактарды ар бир облустук борбордо көрсөтүү пландаштырылып жатат. Ошондой эле окутуучулар үчүн сабактарды, мастер-класстарды өткөрүү керек, бул алар балдарды оригамиге, кумга сүрөт тартууга, граттажга жана башкаларга үйрөтө алышы үчүн зарыл.

 

 

АКИpress

 

Фоторепортаж - Бишкекте «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсү ачылды