«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жамааты КР экс-президенти, Фонддун уюштуруучусу Р.И.Отунбаеваны Туулган күнү менен куттукутайт

August 23, 2023, 09:43

Урматтуу Роза Исаковна! 


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун бүткүл өз жамааты Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайт!


Сиз эбегейсиз зор кесиптик жана жеке адамдык сапаттарга, башкаруунун бай тажрыйбасына, ар тараптуу билимдерге жана жигердүү жарандык позицияга ээ адамсыз. Сиз чындыгында эле эмгектери мезгилдин сынагынан өткөн, өлкөбүздүн тарыхынын жаркын баракчасы болуп калган, эң жогорку класстагы талантуу саясатчылардын, дипломаттардын, жетекчилердин, кесипкөйлөрдүн плеядасына таандыксыз.



Сиз Кыргызстандагы эң ийгиликтүү коомдук Фонддордун бирин түздүңүз, ал эми Сиздин талантыңыз идеяларды топтоп гана тим болбостон, ошондой эле аларды ишке ашырып, Сиздин демилгелериңизге ушунчалык актуалдуулукту, күч-кубатты, кудуреттүүлүктү кошкондуктан, алар биздин өлкөдө гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдө да популярдуу болуп калды. Балдарды өнүктүрүүгө, жаш муунду адептик жана жарандык тарбиялоого, кыргызстандыктардын турмушунун сапатын жогорулатууга, өлкөбүздүн көп улуттуу элинин тарыхый-маданий баалуулуктарын жана салттарын сактоого жана арттырууга багытталган долбоорлору колдооңуз жана жигердүү катышууңуз терең урматтоого жана таанууга ээ болду.


Алдыда дагы көп нерселерди аткаруу милдети турат, бирок ойлогондоруңуздун бардыгын жүзөгө ашырууга Сиздин күчүңүз жетет деп ишенебиз.


Роза Исаковна, ушул ушул эң сонун күндө чын дилибизден куттуктоолорубузду жана тынчтыкты, жакшылыкты, адилеттүүлүктү, бекем ден соолукту жана Сиздин ар кандай ишиңизде ийгиликтерди каалоолорубузду кабыл алыңыз. Сиздин даанышмандыгыңыз, мээримиңиз, чечкиндүүлүгүңүз көптөгөн адамдар үчүн таяныч жана шыктануу болуп саналат.


Роза Исаковна, ушул жаркын күн жакшы эмоцияларды гана алып келип, Сизге кубаныч жана мээрим тартуулап, жаңы саамалыктарга шыктандыра берсин. Анткени канчалык жолду басып өтпөңүз, канча ийгиликтерге жетишпеңиз, Сизде дайыма умтула турган нерселериңиз бар.


Биз Сиз менен сыймыктанабыз, Сизди жогору баалайбыз жана Сиздей болууга умтулабыз!


Урматтоо менен,

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жамааты