Р.Отунбаева Европа мектебинин окуучуларына: Ата-энеңерге Роза Отунбаева балдарыңарга күндѳ 20 мүнөттөн китеп окуп бергиле деп айтты дегиле

December 8, 2014, 06:00

Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын жакшыртуу максатындагы иштерди аткарып келген Европа мектеби Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен бүгүн, 8-декабрда 4 жылдыгын белгиледи.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга кайрылган Роза Отунбаева: «Балдар, үйүңѳргѳ барганда ата-энеңерге Роза Отунбаева балдарыңарга күндѳ 20 мүнөттөн китеп окуп бергиле деп айтты дегиле», - деди.

 

ESCA эл аралык окуу жайындагы окуучулардын 40% кыргыз жарандары түзѳт. Айрымдары стипендия алып, учурда англис тилинде мыкты эл аралык билим алууда.

 

Роза Отунбаева мектепте кыргыз жарандары окуп жатканын, алар келечекте дүйнѳнүн алдыңкы университеттеринде билим алып, мыкты компанияларда иштеп, Кыргыз Республикасына кайтып, ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ салым кошоорун белгиледи.

 

АКШ элчисинин орун басары Лаура Грисмер ѳз сѳзүндѳ 30дан ашуун ѳлкѳдѳн келген окуучулар менен бирге окуп, башка маданияттарды таанып жана бир нече чет тилдерди үйрѳнүп жаткан балдардын келечеги кең болоорун белгиледи.

 


 

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин Р.Отунбаева менен элчинин орун басары балдардын суроолоруна жооп беришти.

 

Андан соң Р.Отунбаева ESCAнын Консультативдик кеңешинин 8-чи отурумун катышып, мектептердеги билим берүүнү жакшыртуу үчүн кѳбүрѳѳк колдоо керектигин, балдар менен билим берүү тармагына инвестиция кылуу зарылчылыгы тууралуу белгиледи. Ѳлкѳдѳгү билим берүүнү жакшыртуу үчүн ESCAнын колунан келишинче жардам берүүсүн ѳтүндү.

 

Бириккен улуттар уюмунун балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы ѳкүлү Юки Мокуо жергиликтүү мугалимдерге эл аралык окутуу усулдарын үйрѳтүү, мугалим кесибинин баркын жакшыртуу менен бирге сабырдуулук жана улуттар арасында биримдик боюнча окутууларды ѳткѳрүү аркылуу ESCA ѳлкѳнүн билим берүү тармагына колдоо кѳрсѳтѳ алаарын белгиледи.

 

Борбордук Азиядагы Европа мектеби (ESCA) жергиликтүү жана чет элдик ата-энелер тарабынан эл аралык коммерциялык эмес мектеп катары негизделип, Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес коомдук фонд катары 2010-жылдын 1-декабрында юридикалык каттоодон ѳткѳн.

 

Мектеп имараты билим берүү мекемеси катары курулганы менен бул максатта колдонулбай турган кезинде 2011-жылдын июлунда фонд тарабынан сатылып алынган. Мектеп 2011-жылдын 1-сентябрында 20дай окуучу менен ишин баштаган. Уушул жылы окуучулардын саны 100дѳн ашты.

Баракелде