Р.Отунбаева ESCA окуучуларына: Ата-энеңерге Р.Отунбаева күндѳ 20 минутадан китеп окуп бергиле деп айтты дегиле

December 9, 2014, 06:00

«Балдар, үйүңѳргѳ барганда ата-энеңерге Роза Отунбаева балдарыңарга күндѳ 20 минутадан китеп окуп бергиле деп айтты дегиле!», деди экс-президент Отунбаева Борбордук Азиядагы Европа мектебинин (ESCA) тѳрт жылдык мааракесинде. Бул тууралуу ESCAнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

ESCA эл аралык окуу жайы болгону менен окуучулардын 40%ын кыргыз жарандары түзѳт. Айрымдары стипендия алып, учурда англис тилинде мыкты эл аралык билим алууда. Роза Отунбаева мектепте кыргыз жарандары окуп жатканын, алар келечекте дүйнѳнүн алдыңкы университеттеринде билим алып, мыкты компанияларда иштеп, КРга кайтып, ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ салым кошоорун белгиледи.

 

АКШ элчисинин орун басары Лаура Грисмер ѳз сѳзүндѳ 30дан ашуун ѳлкѳдѳн келген окуучулар менен бирге окуп, башка маданияттарды таанып жана бир нече чет тилдерди үйрѳнүп жаткан балдардын келечеги кең болоорун белгиледи.

 

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин экс-президент Р.Отунбаева менен Л.Грисмер балдар менен сүйлѳшүп, «Кантип президент болуп шайландыңыз?», «Шайлоодо канча добуш алдыңыз?» «Президент болуунун эмнеси оор?», «Учурда кандай үйдѳ жашайсыз?», «Мончогуңуз чындап эле алтындан жасалганбы?» жана «Кайсыл түстү жактырасыз?» сыяктуу суроолоруна жооп беришти.

  


Маалымат:

 

Борбордук Азиядагы Европа мектеби (ESCA) жергиликтүү жана чет элдик ата-энелер тарабынан эл аралык коммерциялык эмес мектеп катары негизделип, Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес коомдук фонд катары 2010-жылдын 1-декабрында юридикалык каттоодон ѳткѳн.

Кабарлар