Бишкектиктерге кыргыз көркөм искусствосунун баштоочулары жөнүндө айтып беришти

March 14, 2013, 06:00

Бишкектиктерге кыргыз көркөм искусствосунун баштоочулары жөнүндө айтып беришти

Катышуучулардын арасында Көркөм искусство музейинде экс-президент Роза Отунбаева да болду.

Экинчи ирет Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейини кинолекториясы мекенибиздин сүрөт, графика жана скульптурасын баалгандар үчүн өз эшигин ачты. Культуролог борборубузда белгилүү блолгон азыреы искусстивонун мыкты тероретиги Гамал Боконбаевдин лекциясына ар кыл курактагы жана адистиктеги шаар тургундары келишти. Албетте, аншлаг болгон жок. Бирок бардыгы Кыргызстандагы көркөм сүрөт, графика жана скульптьуранын улуттук мектебинин түптөлүшү тууралуу лекцияны өзгөчө кызыгуу менен угушту.

• мындай лекцияларды өткөрүүнүн канчалык мааниси бар? – деп кызыктык летктордон.

- кыргыз искусствосунун аталары жөнүндө биз аз гана билебиз. Эч нерсе билбейбиз деп айтсак да жарашат. Айтып бере турган нерселер болсо көп, – деп белгиледи Боконбаев. – Маселе башкада катылган:бул жөнүндө кантип кызыктуу жана популярдуу айтып берүү. Мен чакан презентация даярдап койгом. Теорияны иллюстрациялар менен аралаштырганга аракет кылдым. Бул лекцияда ХХ кылымдын 30-жылдарындагы окуялар чагылдырылган, дал ушул учурда улуттук көркөм искусство мектебинин түптөлүшү башталган. Башталышы ийгиликтүү болгон. Кыргызстанда өз учурунун мыкты мастерлери эмгектенген – Семен Афанасьевич Чуйков, Владимир Витальевич Образцов, Ласло Мессарош ж.б. алардын иши кийинки муундагы сүрөтчүлөргө өрнөк болуп берди. Алардын ишмердүүлүгү жана таланты кийинки өнүгүүгө ишенимдүү негиз болуп берди.

• биздин республикада европалыкискусствонун жашап кетиши кубандырат – деди, өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева. – алгач сүрөтчүлөрдүн аракетинен улам Кыргызстанда сүрөт музейи бар. Алар ошол мезгилдеги жаштардын сүрөт жана графикага кызыгуусуна түрткү беришти. Эми болсо, музейдин алтын фондунда алардын уникалдуу иштери сакталган.

Музейдин кызматкерлери Чуйко, Айтиев жана алардын замандаштарынын чыгармалары көрсөтүлгөн зал келүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун арттырбагандыгын белгилешет. Бирок алар “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду колдоого алган “Музейдеги жолугушуулар” долбоорунун таасири менен борборубуздун тургундары жана анын коноктору өлкөбүздүн көркөм искусствосунун тарыхына кызыгып баштайт деген ү жардамы мененмүттөрү зор.

Гапар Айтиев жана Сабырбек Акылбековдун чыгармачылыгына арналган кийинки лекция 27 – мартта болуп өтөт. Сүрөтчүлөр жөнүндө Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин ага-мугалими, искусство таанучу Айна Молдохматова баяндайт.

 

Вечерний Бишкек