ЖМК БИЗ ЖӨНҮНДӨ: АТА МЕНЕН ДОЛБООРУ НАРЫНДА

December 12, 2022, 22:49
“АтаМЕНен” долбоорунун алкагында балдардын өнүгүүсүнө жана тарбия берүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу үчүн комплекстүү иш-аракеттер уланууда. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек жана Ак-Муз айыл аймактарында, жана Нарын районунун Миң-Булак жана Учкун айыл аймактарындагы аталар үчүн дизайн ой жүгүртүү боюнча окутуулар башталды.

Долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.