«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Карла-Мария Шеликенин туугандарына жана жакындарына көңүл айтат

August 25, 2023, 18:13

Бүгүн биз Карла-Мария Шелике жашоо менен коштошкондугу жөнүндө кайгыруу менен билдик. Балдарды чексиз сүйгөн, жүрөгү ак адам. Карла-Мария Шелике өзүнүн бүт өмүрүн балдарга, өзгөчө муктаждыктары бар балдарга арнаган.

 

Карла-Мария Шелике түзгөн "Үмүт-Надежда" балдарды реабилитациялоо борбору – бул өзгөчө муктаждыктары бар жүздөгөн балдар – өз үйүн, мээримди, камкордукту, жылуулукту, ал эми ата-энелер колдоону жана жардамды алган жер.

 

Дал Үмүт-Надежда борборунда гумандуу педагогика принциптери киргизилгенин бардыгы эле биле бербейт деп айтууга болот. Вальдорф педагогикасы боюнча мугалимдер үчүн семинарлар, борбордун педагогдору, ата-энелер үчүн үчүн ар жылдагы семинарлар, Германиядан мыкты медик-адистердин келиши – ушулардын бардыгы Карла-Мариянын жана анын командасынын күчү менен жасалган.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Карла-Мариянын бардык жакындарына жана туугандарына, анын бардык кызматкерлерине, реабилитациялоо борборунун балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.