Афганистандагы кырдаал жөнүндө Роза Исаковна Отунбаеванын ЖМК үчүн комментарийлери

March 9, 2024, 12:16

Башкы катчынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын (БУУАКМ) башчысы Роза Исаковна Отунбаеванын Афганистандагы кырдаал жөнүндө Коопсуздук Кеңешиндеги консультациядан кийинки ЖМК үчүн комментарийлери.

 

Коопсуздук Кеңешинин жыйналышынан кийин Афганистан боюнча атайын өкүл журналисттердин алдында сөз сүйлөдү. Иш жүзүндөгү бийликтер жана эл аралык таануу жөнүндө суроого жооп берүү менен ал: «Албетте, таанымайынча андан ары алга илгерилөө татаал экенин алар түшүнөт. Мен буларды гана айткым келет, алар муну сөзсүз каалайт, бирок алар ошондой эле буга жетүү канчалык татаал экенин, анткени алар көптөгөн эл аралык стандарттарга ылайык келбей тургандыгын түшүнөт. Өкмөттө иштин мындай абалын өзгөртүү зарылчылыгын түшүнгөндөр бар, бирок жогору турган кимдир-бирөөлөр – «Жок, кыз-келиндер көлөкөдө калууга тийиш» деп айтат».